Menu

Видео – Бириккен Улуттар Уюмунда да сексуалдык жаңжал чыкты

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунда да сексуалдык тийишүүлөр бар экенин уюмдун жетекчилиги мойнуна алды. Бул тууралу кечээ, 18-январда БУУнун Генералдык катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик билдирди.

Анын алдыңкы күнү “Гардиан” гезити БУУнун бүт дүйнө боюнча офистеринде сексуалдык тийишүүлөр болуп турарын жана уюмдун жетекчилиги бул күйгөйгө жетишерлик көңүл бурбай жатканы тууралу макала жарыялаган.

БУУнун Генкатчысы Антониу Гуттериш бир жыл мурун өзүнүн алдына коюлган приоритеттүү милдеттердин катарына сексуалдык зомбулук жана тийишүүлөр менен күрөшүүнү киргизген. Атайын комиссия түзүлүп, мындай сексуалдык тийишүүлөр учурунда уюмдун кызматкерлери өзүн кандай алып жүрүшү керектигин түшүндүрүшкөн.

БУУнун өзүнүн маалыматы боюнча бир эле 2016-жылы БУУнун 100дөн ашык кызматкерине сексуалдык тийишүүлөр боюнча айыптоолор келип түшкөн.

https://www.youtube.com/watch?v=rOB7fk6v554

Видео: Евроньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: