Буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун намазга барганын сындагандар арбын эле. «Пиар кылып атат» маанисинде. Өткөн чактарды эске алганбы, айтор, президент Курман айт күнү Бишкектин 12-кичирайонуна барып, ашыкча шаан-шөкөтү жок эле элдин астыңкы катарына туруп, намазын окуду. Ал жердеги көпчүлүк дин ышкыбоздору президенттин келип-кеткенин байкабай да калышты. Илгеркидей жолдордун баарын жаптырып, жүргүнчүлөрдү күттүрүү машакатын да байкаган жокпуз. Сыягы, Сооронбай Жээнбеков ар бир кыймыл-аракети менен кылдат болуп, карапайым калкка жагуунун жолунда экенин баамдоодобуз.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ