Бишкекте болуп өткөн «Бир дүйнө – Кыргызстан» кинофестивалы кечээ, 15-ноябрда жыйынтыкталды. Баш байгени франциялык режиссёрлор Клэр Бийе менен Оливье Жобардын “Таш жүрөк” тасмасы менен жеңип алды. Кыргызстандан “Азаттык+” жаштар берүүсүнүн алып баруучусу, журналист Айдана Топчубаеванын “Аяна” аттуу тасмасы “Эң мыкты улуттук тасма” наамын жеңип алды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ