Menu

Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштады

Бөлүшүү:

Камакта ачкачылык жарыялаган үч саясатчы суу иче баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди.

– Үчөөнүн тең абалы жакшы эле, канааттандырарлык, суу иче башташты. Медицина бөлүмү жазып берген дарыларын алып жатышат. Доктурлардын көзөмөлүндө. Экөө №1 тергөө абагына которулган. Асанов болсо мурда операция болгонун, ден соолугун эске алуу менен №47 колонияда калтырылган.

Оппозициячыл саясатчылар Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып менен 2016-жылы камалган. Райондук жана шаардык сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга кескен. Алар өздөрү күнөөсүз экенин айтып, УКМКнын жетекчиси кызматтан кетишин, сот адилеттигин талап кылып 30-январдан тарта “кургак ачкачылык” баштаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: