Menu

Абылгазиев аут кетип, Жылкыбаев “жыргатабы”?

Бөлүшүү:

Келе жаткан жыл азыркы бийликтегилер үчүн жеңил эмес, өтө жооптуу жылдардан болот окшойт. Анткени эл жаңы бийликтин жылуулугун бир жыл бою сезген жок. Тескерисинче 2018-жыл элдин эсинде узун-узун убадалар менен, мажирөө кадрлар менен эсте калды. Эгер мындай нерселер жаңы келе жаткан жылда дагы улана берсе, андай шартта элдин бийликке болгон нааразычылыгы дагы да күчөйт. А мындайда бийлик тараптан жатталып калган эреже колдонулат, көпчүлүктү алаксытыш үчүн. Андай алаксытуунун бир формасы- бийик даражалуу чиновниктердин отставкасы.

Өздүк булактардан алган маалыматтарга таянсак жылдын алгачкы кварталында өкмөттүн, министрлер кабинетинин бир топ бөлүгү отставкага кетээри айтылууда. Барыдан кызыгы «араң жан премьер-министр» атка конгон Абылгазиевдин ордуна андан да араң жан, жаңы барган жеринде «малыш» деген каймана атка конуптур делген Ош облусунун азыркы чоңу Узарбек Жылкыбаев келет экен деген кептерди угуп алып кепшеп эле отуруп калдык. Кокус бул кептер аныкталып кала турган болсо анда эле ого бетер «жыргаган» экенбиз. Мындайда билдире турган биздин пикир: кадр саясатында мамлекеттин, элдин тагдырына мындай мамиле кылуу бийликтин от менен ойногондой эле кадамы десек да болот.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: