Menu

Казакстан Кыргызстан үчүн темир жол транзиттик тарифин төмөндөттү

Бөлүшүү:

«Казакстан Темир Жолы» Кыргызстандан Орусияга жөнөтүлгөн жүктөр үчүн транзиттик тарифти төмөндөттү. Айыл чарба министрлиги карантин алдындагы жүктөрдү ташуу шарттары боюнча жумуш алып барды.

Натыйжада 10-январда Кыргызстандан товарларды Казакстан аркылуу ташуу боюнча жагымдуу шарт түзүлдү. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан «Казакстан Темир Жолы» тарифтерди арзандатты. Мурда баалар августта төмөндөй тургандыгы айтылган.

Казак тарап билдиргендей, Луговая станциясынан Илецк станциясына чейин Кыргызстандан эт азыктарын ташуу каралган. Бир муздатылган вагонго салынган жүк үчүн мурун 5 155 доллар төлөнүп келинсе, январдан тарта бул сумма 1 820 долларды түзүп, тариф дээрлик үч эсеге жакын төмөндөдү.

Баалардын төмөндөшү менен казак тарап 42 миллиард теңге чыгымга учурай турганын айтууда. Бирок бул сумманы жүк ташуулардын көлөмүн үч эсеге арттыруу менен жабуу каралууда.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча дагы бир катар иш-чараларды жасоо зарыл. Тиешелүү талаптар аткарылса, казак-кыргыз чек арасындагы көзөмөлду алып салууга шарт түзүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: