Бишкектин батыш автобекетинин жанынан 81 жаштагы апа адашып кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда Бишкек ШИИБси билдирди.
Мурдагы күнү кечки 20:30да “102ге” телефон чалышып, карыган кыргыз апа адашып жүргөнүн кабарлашкан. Биринчи май районунун милиция кызматкерлери келишип, адашкан апаны ШМБ-5 бөлүмүнө алып келишкен. Ал жерден өздүгүн тактаганда, 1938-жылы туулган С.Б. экени такталган. Ошол замат туугандарын табышып, үйүнө жеткирип коюшкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ