«Акыйкатчы (Омбудсмен) тууралуу» мыйзам долбоорунун Акыйкатчыны дайындоо жана бошотуу бөлүгүнө анын көз карандысыздыгы боюнча сунуштама түшкөн. Акыйкатчынын көз карадысыз болуусу кепи кепилдик бере турган мындай сунуш эл аралык талаптар менен «Париж принцибине» туура келет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуунун жүрүшүндө билдирди. Мындай маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы жарыялады.
Андан тышкары, депутат мыйзам долбоорунда Акыйкатчынын жаш курагынын чегин алып салуу, Акыйкатчы менен анын орун басары антын бузган учурда алардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу механизмдери каралганын белгиледи. «Иштеп жаткан мыйзамда Акыйкатчынын ыйгарым укуктары анын ар жылдык отчету парламент тарабынан жактырылбаган учурда мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Ошондон улам, мыйзам долбоорунун демилгечилери аларды кызматтан бошотуунун жаӊы механизмдерин сунуштоодо», – дейт ал.
Эске салсак, «Акыйкатчы (Омбудсмен) тууралуу» мыйзам долбоорунун демилгечилери – А.Шыкмаматов, А.Кодуранова, Ч.Жакупова, А.Алтыбаева, Н.Алимбеков, К.Бокоев, У.Жылкыбаев, К.Асылбаева, А.Юсуров, Ж. Мусабекова, Т.Тиллаев, И.Карамушкиной. Ал 2017-жылдын 20-апрелинде Жогорку Кеӊеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ