Menu

Президент Сооронбай Жээнбековдун кадырын жана элине болгон мамилесин аныктаган эки окуя

Бөлүшүү:

Өткөн аптада тышкы жана ички саясатта эки маанилүү жана маңыздуу окуя болуп өттү. Бул окуялардын мамлекеттик жана эл аралык мааниде алып караганда мамлекет башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун кадырын, өз элине кылган мамилесин аныктап, айгинелеп койду. Сөзүбүз куру болбош үчүн эки окуянын ар бирине кыскача токтоло кетели.

Тышкы саясат: “Донгуз” майданындагы Путин менен бир сындырым нанды бөлүшүү

Апта ортосунда саясатчылар жана журналисттер президент Сооронбай Жээнбеков Россияга барып, Путин менен жолугушат экен деген маалыматтын четин чыгара башташты. Бул сапардын максаты, жыйынтыгы кандай болоору баарына кызык болуп жатты. Көп өтпөй, Кремлдин басма сөз кызматы Владимир Путин Оренбургдагы “Борбор-2019” аскердик машыгууларга бараарын, ал жактан Сооронбай Жээнбеков менен жолуга турганын кыска кабарлады. Жума күнү президент Оренбургга Путиндин чакыртуусу менен барып, РФ Президенти менен биргеликте аскер машыгууларды көрүп кайтты. Ал окуянын масштабын баарыбыз сүрөттөрдөн жана видеодон көрдүк. Саясий серепчилер бул жолугушуудагы жылуу маанайды дароо байкашты. Аскердик машыгууларга Кыргызстандан тышкары Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандан аскерлер катышып жатышса дагы, башка президенттерди эмес жалгыз Сооронбай Жээнбековду чакырганы эмнеден кабар берип турат? Путин Жээнбековду региондогу ишенимдүү өнөктөшү катары чакырып, биргеликте Россиянын куралдуу техникасынын дараметин жана күчүн көрүп, бир сындырым нанды чогуу бөлүп жеп, болушунча сыйлады. Бул саясий чөйрөгө жана дивандык эксперттерге жете турчу сигнал. Анткени дивандык эксперттер жана интернеттеги бекерчилердин армиясы Путин АШАны бошот деген талап менен кайрылган имиш деп төлгө салып жиберишкен.

Ушуну менен бир топ ушак сөздөргө чекит коюлду. Путин Жээнбековду ишенимдүү өнөктөш катары кабыл алганы, стратегиялык өнөктөш, союздаш катары Кыргызстанга кайдыгер эместигин билдирди деген бүтүм чыгарсак жаңылышпайбыз.

Ички саясат: Таластыктарды бооруна тарткан журт атасы

Дагы бир абдан маанилүү окуя ички саясатка байланыштуу болду. Талас облусунда, “Манас-Ордо” комплексинде Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары чоң аншлаг менен өттү. Албетте, баягы эле диван экперттери, ушунча акча коротуп, өткөрүүнүн зарылдыгы бар беле, акчаларды чек араны бекемдөөгө багытташ керек болчу деп сындап чыгышты. Бирок, бул иш-чаранын артында чоң саясий мааниси бар экенин аңдай алышпады. Сооронбай Жээнбеков бул стратегиялык жерди бекеринен тандап алган эмес чыгаар. Дегенибиз, кыргыздын эки сыймыгы Манас менен Чыңгыздын ысымдары Талас менен бекем байланган эмеспи. Мунун саясий конъюнктурасы, идеологиялык мааниси чоң десек жаңылышпайбыз.

Революциячыл духу күчтүү, оңой менен баш ийбеген, үйрөтүлбөгөн азоо жылкыдай болгон Талас эли ушунча жылдан бери бир да ажо тарабынан жылуу сөз укпады. 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгы өткөндөн бери бир дагы ири иш-чара бул жакта өтө элек экен. Акаевдин мезгилинде Майраш “апче” анчейин көңүл бурбады, Бакиев жанжөкөрлөрүн жиберип, 2010-жылы апрелде “Таласты түздөтүп салам” деген аракетин кылды. Атамбаев: “Абыке, Көбөштүн тукумдары” деп болушунча кемсинтти. Парламентте отурган депутаттары таластыктардын маңдайын жылытарлык масштабдуу, пайдалуу иш жасай элек. Дүйнөлүк олигархтардын тизмесинде делген Бабанов Россиядагы Пензага салган заводунун бир тетигин Таласка ыраа көрбөдү. Инфраструктурасы начар, тыңгылыктуу мейманканасы жок Талас облусу көчмөндөр оюндарына келген элди кайда жайгаштырып, кайда жаткыраарын билбей, кыйналды. Элден айланса болот, үйлөрүнө киргизип, боз үйлөрдү тигишип, меймандостук менен батырып алышты. Спикер Дастан Жумабеков менен облустун губернатору Марат Мураталиев эле чуркады. Таластан чыккан тыңчыкмалар көрүнгөн жок. Кандай айткан күндө дагы Көчмөндөр оюндарынын аркасы менен атмайдан салынып, анча-мынча жерлери да оңдолуп калды.

Ушундай абалда Сооронбай Жээнбеков аталык мээримин көрсөтүп, таластыктарга көңүл буруп, бооруна тартканы абдан жакшы натыйжа берди. Бүгүнкү күндө эл түндүк-түштүктү мындай кой, айыл-айыл, уруу-уруу, партия-партия болуп бөлүнүп калганда, ажобуз улуттун биримдигин бекемдөө боюнча кадам жасады.

Серепчилер баамдагандай, мына ушул эки иш-чара өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ички жана тышкы саясаттагы позицияларын дагы бир ирет бекемдеди. “Бышкан ашка сынчы көп” дегендей сындагандарга айтаар сөзүбүз жок. Кандай болгон күндө дагы Президент Сооронбай Жээнбековдун саясий эрктүүлүгү, көздөгөн жолу, аныктаган багыты, аткарып жаткан ишинин натыйжасы бүткүл кыргыз өлкөсүнө пайда алып келээри шексиз.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: