Menu

Токтосунов Улан (“Сакал”) жана башкаларга карата чыгарган Биринчи май райондук сотунун өкүмү

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2016-жылдын 22-декабрында Токтосунов Улан, Алиев Зыпарбек жана Таштанбеков Дастанга карата өкүм чыгарды. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Токтосунов Улан Акмолдоевич Кыргыз Республикасынын КЖКнын 231-статьясынын (Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу) 1-бөлүгү; 30-статьясынын (Кылмышка шериктеш болуу) 4-бөлүгү, 97-статьясынын (Киши өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 5,8,15,16-пунктары; 30-статьясынын 4-бөлүгү, 241-статьясынын (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) 3-бөлүгү, 30-статьясынын 4-бөлүгү, 241-статьясынын 4-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ушул эле Кодекстин 59-ст. (Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен Токтосунов Улан Акмолдоевич биротоло мүлкүн конфискациялоо менен он жети жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

Алиев Зыпарбек Замирбекович Кыргыз Республикасынын КЖКнын 231-статьясынын (Кылмыштуу шериктикти (кылмыштуу уюмду) уюштуруу) 2-бөлүгү; 350-статьясынын (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) 1-бөлүгү; 350-статьясынын 2-бөлүгү; 166-статьясынын (Алдамчылык) 3-бөлүгү; 30-статьясынын (Кылмышка шериктеш болуу) 6-бөлүгү жана 97-статьясынын (Киши өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 5,8,15,16-пунктары; 241-статьясынын (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) 3-бөлүгү, 241-статьясынын 4-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ушул эле Кодекстин 59-ст. (Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен Алиев Зыпарбек Замирбекович биротоло мүлкүн конфискациялоо менен он сегиз жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт.

Таштанбеков Дастан Таштанбекович Кыргыз Республикасынын КЖКнын 350-статьясынын (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) 1-бөлүгү; 350-статьясынын 2-бөлүгү; 166-статьясынын (Алдамчылык) 3-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ушул эле Кодекстин 59-ст. (Бир нече кылмыш жасагандыгы үчүн жаза белгилөө) негизинде белгиленген жазаларды толук кошуу жолу менен Таштанбеков Дастан Таштанбекович биротоло төрт жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын жатак-абактарында өтөйт.

Соттолуучулардын жаза өтөө мөөнөттөрү кармалган күндөн баштап, тактап айтканда Токтосунов Улан Акмолдоевичтин мөөнөтү 2015-жылдын 19-декабрынан, Алиев Зыпарбек Замирбековичтин мөөнөтү 2015-жылдын 14-ноябрынан, Таштанбеков Дастан Таштанбековичтин мөөнөтү 2015-жылдын 1-июлунан баштап эсептелинди.

Кыргыз Республикасынын КЖКнын 61-ст. (Жазаларды кошуу жана кошуп эсептөө эрежелери) ылайык, соттолуучулар Токтосунов Улан Акмолдоевичтин жана Алиев Зыпарбек Замирбековичтин алдын ала камоонун бир күнү күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагынын эки күнү катары, Таштанбеков Дастан Таштанбековичтин алдын ала камоонун бир күнү жатак абагынан үч күнү катары эсептелинди.

Соттолуучулардын бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз – камакта калтырылды.

Далил буюм заттар: «Лексус-GX 470» маркасындагы автомашинасы менчик ээсине кайтарылсын.

Жабырлануучунун доо арызы канааттандырылып, соттолуучулар З.З.Алиев жана Д.Т.Таштанбековдон биргеликте жабырлануучунун пайдасына 1 469 700 (бир миллион төрт жүз алтымыш тогуз миң жети жүз) сом өндүрүлсүн.

Өкүмгө нааразы тарап он күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна сунуш же даттануу келтирүүгө укуктуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: