“2019-жылдын акыркы айында Кумтөр кенинен алтын казуу азайганы менен экономикалык активдүүлүгү жана ИДПнын (Ички дүң продукциянын) өсүшүн камсыз кылып турат”, – деп Евразиялык өнүктүрүү банкынын экономикалык анализ бөлүмүнүн башкы адиси Анатолий Харитончик билдирди.
Анын айтымында, октябрдын жыйынтыгы боюнча өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктүн басаңдашы Кумтөрдөгү өндүрүштүн кыскарышына байланыштуу экен. Кумтөрдү эске албаганда, 10 айдын жыйынтыгы боюнча айыл-чарба өндүрүшүнүн өсүшү жана курулуш тармагындагы оң динамикадан улам кармалып турган экенбиз.
“2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПнын өсүшү 4 пайызды түздү. Орточо эсеп менен экономикада өсүш болот”, – дейт Харитончик.
Чындыгында, 4 пайыз – сылык айтканда, дүйнөлүк практикада “абалыңар чатак” дегендей. Ушундай “чиктер” акыл үйрөтүп жүрүп, мышык ыйлаган абалда жүрөбүз. Башка… сөз жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ