Бул тууралуу республикачылар 27-ноябрда билдиришти.
Алардын айиымында, партиянын съездин ушул жылдын аягына чейин өткөрөбүз деп жатып, эми ары жылдырып коюшкан. Азыр күнү такталып жатыптыр.
“Съездде партия шайлоого кандай форматта бара тургандыгы расмий жарыяланат. Ал эми лидерди алмаштыруу боюнча Өмүрбек Бабанов калаарын же калбасын өзү айтат. Эгерде калбаса, партия башына эки негизги талапкер бар – Руслан Казакбаев жана Мирлан Жээнчороев”, – дешти республикачылар.
Эскерте кетсек, “Республика-Ата Журт” фракциясы лидерлери Өмүрбек бабанов жана Камчыбек Ташиевдин макулдугу менен 2015-жылы шайлоо алдында түзүлгөн. Лидерлер бул биригүү саясатчылардын эмес, саясый күчтөрдүн биригүүсү катары сыпатташкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ