Menu

Кудайды карасаңыз боло Карамушкина

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 14-ноябрь күнү болгон ЖК жыйынында: «Бишкек шаарынын Москва көчөсү менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде бала бакча бар болчу. Түлеев VIР үй куруп, батирлерди сатып жиберген. Башкы прокуратурага бала бакчаны бузуу боюнча ким тараптан уруксат берилгенин аныктап чыгуусун сунуштайм» деди.

Буга дароо реакция кылган Нариман Түлеев өз пикирин социалдык тармакка жазып чыкты. Түлеев: «Айрым депутаттарыбыз кырдаалдын кандай экендигинен кабары жок туруп трибунадан айкыра беришет, мындай популисттик деңгээлдеги кадамдарга таң калуунун кереги жок.

Биринчиден, Московский менен Шевченко көчөлөрүнүн кесилишиндеги балдар бакчасынын абалы мышык ыйлай турган, талкаланган абалда эле. Ал өз кезегинде экинчи колдон сатылып алынган. Сатып алууну мен ишке ашырган эмесмин жана мамлекеттен сатып алынган эмес. Бул балдар бакчасы ошондо жеке АК карамагында болгон. Мен көз карандысыз комиссиянын чечимин көрсөтө алам.

Экинчиден, атама тиешелүү болгон компания ал жерде болгону «подрядчик» (аткаруучу) болгон. Муну көпчүлүк инсандар айырмалай алышат. Кээ бир түшүнбөгөн эл өкулдөрүнө Википедиядан «Аткаруучу уюм» дегенди окуп коюусун сунуштайм. Анан да атамдын эрки менен курулуш компаниясын мен башкарбайм.

Үчүнчүдөн, буюртма берген тарап башка курулушчулардан айырмаланып участокту максаттуу пайдаланууну жана архитектуралык планды бузган эмес. Балдар бакчасы башынан аяк реконструкция болду. Анын баштапкы абалы өтө начар болгондуктан жумушту нөлдөн баштоого туура келген. Кыргызстанда саналуу куруучулар гана үйгө кошуп социалдык обьектти кошо тургузуп беришти, балким алгачкы жолу мындай болуп жаткандыр. Муну менен муниципалдык жана мамлекеттин билим берүү системасына да жеңилдик болот.

Эске сала кетчү нерсе, ал кезде мени жана менин үй-бүлөмдү тыкыр көзөмөлдөшүн, аталган обьект боюнча бир нече жолу текшерүүлөр болгон. Салянованын прокурорлору жерди мурду менен казышып эч илинчек табаалышкан эмес. Себеби аталган турак жай балдар бакчасы менен кошо бардык мыйзамдарга ылайык курулган. Мага жана менин үй-бүлөмө кысым көрсөткөндөр бул обьекттен эч кандай мыйзамсыз иштерди таба алышкан эмес.

Дагы бир жолу айта кетсем, парламентте отурган айрым жүздөр бул аймак жеке менчик, таза колдордон алынган жана тиешелүү  органдар тарабынан 10 жолу текшерүүдөн өткөндүгү түшүнгүсү келбей жатат. Ошол депутаттар өзүнүн «илгерки боссу» сыяктуу эле мыйзамдуу иштерди көрө алышпайт. Бирок силердин убактыңар бүттү, силер кезинде жеке менчиктерге «оңой» ээлик кылып, оюңарга келгенин жасаган көнүңөр соңуна жетти. Бирок дагы деле көнүмүш адат менен мага көө жаап, айрым ММК каражаттары ашыкча боектор менен окуяны мага байлагысы келишет. Бирок дагы бир жолу эсиңерге салын коеюн, аталган обьекттин курулушуна менин тиешем жок.

Бүгүнкү күндө балдар бакчасынын курулуш иштери дээрлик аяктап калды. Буюрса мыкты комплекс болот. Өз кезегинде менин сунушум боюнча аткаруучу уюм жана буюртмачылар Ирина Юриевнаны балдар бакчасынын ачылыш аземине чакырат» деп жазды. Арыдан бери бодбойбу Карамушкина…

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: