Menu

Матраимовдун кепеден башка мүлкү жок…

Бөлүшүү:

Коомчулукта отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн “Матраимовдордун кланы” тууралуу жазылбаган нерсе калган жок. Бирок алардын “мурдун балта кесе” турган эмес. Мына өткөндө “Райым миллиондун” мүлкүн иниси иштеген Финполиция текшерип, мыйзам бузуу таба албай сыйпалап калган. Эми болсо өзүнө сын айткандарды залдан кууп чыккан иниси, Кара-Суунун түшпөс акими Тилек Матримовдун мүлкү тууралуу маалымат чыкты. Ал декларацияга аянты 10 чарчы метр, жашай турган үйүн жазган. Ошондой эле эч кандай машинасы жана туугандарынын атына жазылган мүлк жок экенин көрсөткөн. Ал болгону мал-жандыгы бар экенин жана 2017-жылы иштеген ишинен 1,5 миллион сом тапканын аныктаган. Айтор 10 чарчы метр кепеден башка мүлкү жок экен. Ушуга ким ишенет?

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: