Menu

Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 27-июнда, Кытай Элдик Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Тяньцзинь шаарында «Жайкы Давос-2016» Дүйнөлүк экономикалык форумунун алкагында орун алды. Жолугушууда мурдараак Өзбекстанда эки мамлекет башчысы ортосундагы транспорт коммуникациясы, айыл чарба, өнөр-жай, соода тармагындагы кызматташуу жөнүндө орун алган келишимдерди ишке ашыруу маселеси талкууланды. Ошондой эле жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жана терроризмге каршы турууда өз ара аракеттешүү тууралуу пикир алмашуу орун алды.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кеңештин Премьери Ли Кэцянга «Жайкы Давос-2016» форумуна катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди. «КЭР менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылыктуу мүнөзгө ээ. Биз орун алган достук жана коңшулук мамилелерди баалайбыз жана бардык аракетти эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө жумшоого даярбыз. Биздин өлкөлөр ортосунда мындан аркы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүнө тоскоолдук келтирүүчү эч кандай саясый пикир келишпестиктер жок», – деп белгиледи Жээнбеков.
Премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин Жибек Жолу Экономикалык алкагын түзүү жөнүндө демилгесин активдүү колдоого алат. Атап айтканда, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорун Жибек Жолу Экономикалык алкагы демилгесин иш жүзүнө ашыруунун бир бөлүгү катары кароодо.
Сооронбай Жээнбеков биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга тийиштүү өзгөчө көңүлдү кыргыз айыл чарба продукцияларын КЭРге экспорттоо маселесине буруп, эл аралык стандарттарга байланыштуу продукцияны сертификатташтыруу боюнча лабораторияларды түзүү, айыл чарба продукцияларына карата фитосанитардык уруксаат берүү маселесин чечүү максатында кызматташтык зарыл экендигин белгиледи. Ошондой эле Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим тууралуу айтылды.
КЭР Мамлекеттик кеӊешинин премьери Ли Кэцян билдиргендей, Кытай Кыргызстан менен кызматташуу багытында теӊ өнөктөш принциптерин жогору бааларын билдирди.
«Кыргызстан Кытайдын достук мамиледеги коӊшу өлкөсү жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Биз Кыргызстан менен кызматташтыкты активдештирүүгө кызыкдарбыз жана сиздер тараптан айтылган багыттар боюнча колдойбуз», – деди ал.
Жолугушуунун жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков жана Ли Кэцян бүгүнкү жолугушууда көтөрүлгөн маселелер боюнча эки тараптын тийиштүү мамлекеттик орандарына аларды ишке ашыруу тапшырмасы берилерин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: