Menu

Түркия Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү: 20 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 миң ПЦР-тест… 

Бөлүшүү:

6-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын телефон сүйлөшүүсүнөн кийин жетишилген макулдашуулардын алкагында, 7-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда саламаттыкты сактоо тармагында гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Гумжардам Түркиядан Кыргызстанга бүгүн, 15-июлда жеткирилди.

Түрк аба жолдорунун авиакомпаниясынын учагы гуманитардык жардам менен бүгүн саат 11.00дө “Манас” эл аралык аэропортуна келип конду.

Гуманитардык жардам төмөнкү медициналык жабдуулар жана шаймандар: 20 даана жасалма дем алдыруучу аппарат, 50 кычкылтек концентратору, 20 миң комплект ПЦР-тест, 20 миң даана вирус аныктоочу реагенттер, 50 миң даана N95 үлгүсүндөгү бет кап, 100 миң хирургиялык бет каптар, 35 миң коргоочу костюмдар, 2 миң коргоочу бет кап, козыректор жана 10 миң гидроксихлорохин дарысынын таңгагы келди.

Эске салсак, 2020-жылдын 11 жана 12-февралында Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустун алдын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине гранттык негизде төмөнкү медициналык коргонуу шаймандарын берген: 200 таңгак тест-система, 5 миң бир жолку бет кап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоочу фильтри менен беткап жана 12 коргоочу көз айнек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: