27-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча С.Исаковго, Ж.Сатыбалдиевге, О.Лавровага, О.Артыкбаевге, А.Калиевге, С.Авазовго, Ж,Назаровго, Т.Бримкуловго карата кылмыш ишин кароо улантылды.
Азыркы тапта сот жарыш сөздү угууда.
Мамлекеттик айыптоочу Элмира Жумашова Сапар Исаков президент аппарат жетекчисинин даражасында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп туруп, жогорку кызматтагы тарап катары башка жооптуу кызматтагылар менен биргеликте чет элдик жеке компаниянын өкүлдөрү менен туруктуу тыгыз байланыш түзгөнүн айтты. “Мамлекет менен коомдун кызыкчылыгына каршы чыгып, жеке пайдасы үчүн өлкө башчысына жагынуу жана мансап тепкичинде жогору чыгуу максатында, чет элдик жеке компанияга мыйзамсыз артыкчылыктарды уюштуруп берген. Ошонун натыйжасында С.Исаков мамлекетке өзгөчө ири көлөмдө зыян келтирген”, – деди мамлекеттик айыптоочу.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ