Menu

Таласта суунун деңгээли көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу коопсуздук чаралары ыкчам көрүлүүдө

Бөлүшүү:

Кечээтен бери тынбай жааган жамгырга байланыштуу Талас дарыясындагы, Беш-Таш, Үрмарал өзөнүндөгү суулар кирип, аккан суулардын деңгээли көтөрүлүүдө. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирет.

Мына ушул себептен бардык суу көтөрүлгөн жерлерде жергиликтүү техникаларды жана адис адамдарды тартуу менен коопсуздук иш-чаралары көрүлүүдө. Бул туурасында Кыргыз Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Чолпонкул Төрөкулов билдирди. Тактап айтканда Талас шаарын, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылын жээктеп өткөн Талас дарыясынын кооптуу жайлары кум шагыл, бетон плиталар менен бекемделген.

Белгилей кетсек, Талас дарыясы, Беш-Таш жана Үрмарал суулары кошулган Киров суу сактагычында азыр суунун көлөмү 480 млн. куб.метрге жетип калды. Бирок өткөн жылдын ушул мезгилине караганда аталган суу сактагычтагы суунун көлөмү кыйла аз деп билдирди Ч. Төрөкулов. Ошону менен бирге Талас дарыясынан аккан сууларды азайтуу максатында ал суулар башка майда каналдардагы нуктарга  бөлүнүп, Киров суусактагычынан  чыгып жаткан суулардын көлөмү бир аз көбөйтүлдү. Азыркы учурда облустун бардык райондорунда, айыл өкмөттөрүндө, суу чарба жана өзгөчө кырдаалдар мекемелеринде сутка бою күн-түн дебей иштөөчү күзөт топтору уюштурулуп, кырдаал толук көзөмөлгө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: