Бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаров премьер-министр болуп бекитилгенден кийин маалымат жыйын берди.
Жыйында Садыр Жапаровко бир нече суроолор узатылды. Анын ичинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев тууралуу дагы суроо берилди.
“Эгерде менин жеке оюмда, колумда болсо соттун чечими чыкканга чейин Алмазбек Атамбаевди абакка камабай эле, үй камагына чыгарышса дейм. Ал эми тапанча менен унаасын атканы булар өздөрү уюштурушкан. Анткени биздин тарапташтарды жаман көрсөтүү максатында кылышкан. Ал далилдердин бардыгы биздин колубузда бар,” – деди премьер-министр Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы башаламандыкта Алмазбек Атамбаев отурган унаага аскердик ок атылган. Ок атылган кезде унаанын ичинде Алмазбек Атамбаев болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ