Германия канцлери Ангела Меркель АКШга жети мусулман өлкөсүнөн барган качкындар менен жарандарды киргизүүгө тыюу салган Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын жарлыгын «жаңылыш чечим» деп атады.
Канцлер террорчулукка каршы чечкиндүү күрөшүү зарылдыгы адамдардын туулган жери же ишенимине карап далилсиз шектене берүүгө негиз болбойт деп эсептейт. Бул тууралуу 29-январда Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт билдирди.
Анын айтымында, Качкындардын макамы тууралуу Женева конвенциясына кол койгон мамлекеттер согуштан качкан адамдарды кабыл алууга милдеттенишкен.
Меркель телефон аркылуу Трамп менен сүйлөшүүсү маалында аны ушул жылдын июлунда Гамбургда өтө турган G20 тобунун саммитине чакырган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ