Menu

Техника илимдеринин доктору, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери Джаныбеков Чабалдай дүйнө салды

Бөлүшүү:

Кыргызстандын билим берүү жана илим тармагы чоң жоготууга учурады. 2020-жылдын 8-июлунда Билим берүүнүн мыктысы, техника илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери Джаныбеков Чабалдай дүйнө салды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Чабалбай Джаныбеков 1930-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. 1947-жылы Темиров орто мектебин алтын медаль менен аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, аны да артыкчылык менен аяктаган. Эмгек жолун Нарын мугалимдер институтунда, андан кийин аялдар педагогикалык институтунда окутуудан баштаганына карабастан, илимди жашоодогу негизги кесип катары аныктайт.

1961-жылы Ч.Джаныбеков физика-математика илимдеринин кандидаты наамын алуу үчүн диссертациясын жактаган, 1965-жылы доцент наамын алган. 1967-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясында лаборатория түзүп, аны жетектеген. 1991-жылы жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин негизинде ал техника илимдеринин доктору диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 300дөн ашык илимий эмгектерди, анын ичинде суюктук жана газ механикасы боюнча 12 илимий монографияны, математика боюнча 4 терминологиялык сөздүктү басып чыгарган. Анын экономикалык ыкмаларды жана алгоритмдерди иштеп чыгуу боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрү илимий-теориялык маани гана эмес, ошондой эле чоң илимий жана колдонмо мааниге ээ. 40 жылга жакын убакыттан бери мектеп математикасынын мугалимдери анын илимий эмгегинин жемиштерин колдонуп келишкен, алар үчүн математика боюнча 4 окуу-методикалык куралы кыргыз тилинде жазылып, 7 жана 8-класстар үчүн алгебра боюнча окуу китептери эне тилине которулган. Ал өзүнүн кызматкерлери менен бирге СССР Илимдер академиясынын Президиуму тарабынан уюштурулган фундаменталдык изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттары боюнча бүткүл союздук маанидеги эки жалпы академиялык конкурстун программаларын иштеп чыгууга катышкан. Ч.Джаныбеков жаш илимпоздорду даярдоого көп көңүл бурган. Анын жетекчилиги астында 15 кандидаттык жана 4 доктордук диссертациялар жакталган.

Окумуштуунун математика боюнча кыргыз терминологиясынын өнүгүшү боюнча алтымыш жылдык эмгегин белгилебей кетүү мүмкүн эмес, ал Кыргыз энциклопедиясы үчүн жүзгө жакын макала жазган, ал Илимий Кеңештин туруктуу мүчөсү болгон. Мамлекеттик комиссия менен биргеликте ал кыргыз элинин чыгаан уулдарынын биринин 100 жылдыгына арналган Тыныстановдун чыгармалар жыйнагын даярдап, басып чыгарган. Ч.Джаныбековдун түздөн-түз жеке салымы архивдик материалдардын негизинде түзүлгөн К. Тыныстановдун чыгармачылыгына арналган китеп болуп саналат.

Джанибеков Чабалдайдын көп жылдык үзүрлүү илимий, педагогикалык жана коомдук ишмердиги мамлекеттик сыйлыктар: “Эмгек ардагери” медалы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Президиумунун Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын Президиумунун Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары, “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган. Ага “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери” деген ардактуу наам ыйгарылган.

Чабалдай Джанибековдун жаркын элеси жакындарынын, кесиптештеринин жана окуучуларынын эсинде түбөлүккө калат. Маркумдун туугандарына, уул-кыздарына жана жакындарына терең көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

К.А. Исаков, Ж. А. Ташиев, Н. К. Омуров, Н. С. Джусупбекова, П. Б. Түркбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: