Menu

Досалы Эсеналиев, “Бир бол” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы, фракция лидеринин кеңешчиси: “Муз ордунан жылды”

Бөлүшүү:

– Өзбекстандын Кыргызстанга кучак жайган саясатынын артында эмне бар? Алар жакшы мамилени чын ниетинен жасап жатабы?

– Акыркы убактагы эң чоң жаңылык ушул болуп турат. Муз ордунан бир күн болбосо, 10-20 жылдан кийин деле жылмак. Себеби эки элдин каалоосу ушундай. Баарыбыздын эсибизде, биздин жарандар чек аранын жылчыксыз жабылышынан аябай экономикалык, эмоционалдык жабыр тартышкан. Убакыттын өтүшү менен эл да көндү, баардык инфраструктураларды бир канча жылдын ичинде кайра куруп чыкканга туура келди. Азыркы кучак жаюу шайлоонун алдындагы аракет дейин десең, өткөрүлгөн масштабы өзгөчө, делегациялардын курамы да жогорку деңгээлде, тосуп алгандардын да, баргандардын да маанайы кубанычтуу, элдин кубаттоосу да, ММК чагылдыруусу башкача. Ошондуктан чын ниеттен муз ордунан жылат экен деп үмүт кылалы!

Эң негизгиси, мындан эки өлкөнүн эли утмак. Фергана өрөөнүндө 16-18 млн. калк жашайт. Кыргыздар үчүн да, өзбектер үчүн да эң мыкты базар ачылмак, соода дүркүрөп өсмөк, эл жөнөкөйлөтүлгөн система менен кирип-чыгып калмак, чек ара маселелерин чечкенге жол ачылмак, темир жолдор ачылса көптөгөн Россиядан, Казакстандан, алыскы өлкөлөрдөн ташылып келген товарлар Бишкек-Ош жолу менен эмес, темир жол менен Ош, Жалал-Абадга, Баткенге түз ташылмак. Эми өкмөт, дипломаттарыбыз бул багытта аябай тыгыз иш алып баруусу зарыл. Себеби көп маселе дипломатия, жеке мамиле менен куралат. Ал жылдар менен калыптанат. Акыркы мезгилдеги тышкы саясаттагы чукул чечимдерибиз көрсөткөндөй, биздин дипломаттар аксап калбаса болду…

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: