Menu

Видео – Түркмөн президенти балаты майрамында ыр аткарды

Бөлүшүү:

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов эки небереси менен бирге белгилүү америкалык аткаруучу Жастин Тимберлейктин “Can’t Stop the Feeling” аттуу ырын аткарды.

CA-News агенттиги кабарлагандай, Түркмөнбашы 28-декабрда борбордук аянттагы балаты майрамына катышкан.

Балдарга Жаңы жылдык куттуктоосун жолдоп, келечекте алардан улуттук салт-санааны улаган, бабалардын жолун жолдогон, Түркмөнстандын гүлдөп өсүшүнө салым кошкон чыныгы азаматтар чыгарынан үмүт арткан.

Мындан соң президент аткаминерлердин балдары үчүн арналган жаңы жылдык майрамга катышкан.

Чыгармачыл сынактын алкагында президент Гурбангулы Бердымухамедовдун неберелери бийлеп, анлис тилинде ыр аткарышкан. Бул маалда өлкө башчы аларды коштоп, музыкалык аспапта ойноп берген.

Гурбангулы Бердымухамедовдун бир уулу жана үч кызы, төрт небереси бар. Ал Түрмөнстанды 2007-жылдан бери башкарып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 47 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: