Menu

Кудай ургандай шалаакылыкка жол берген Кудайбердиеванын жоопкерчилиги каралбайбы?

Бөлүшүү:

«Билим берүү жана илим министрлиги» деген тармак эмне иш менен алектенип олтурганын билбейбиз. Алсак, кечээ жакында 6-7-класстардын география сабагы боюнча жаңы жарыкка чыгып, колдонулууга берилген китептердеги каталар, тагыраагы грамматикалык жана маани-маңызы боюнча мүчүлүштүктөр кызуу талкууга алынды. Бул боюнча эми ким жоопкерчилик тартат? Уялбай министр Гүлмира Кудайбердиева телеге маек берип, актануу аракетин көрдү. Анан дагы: «Бул басмакананын күнөөсү, бизде күнөө жок, басмакана күнөөсүн моюнуна алып кайрадан китепти акысыз басып бермей болду» деп оозу-мурду кыйшайбай мактанышты. Уят да! Ал китепти басып чыгарганга чейин ошол министрлик көзөмөлдөп, катасын карап анан уруксат бериши керек эле да. Же эмне, «Ме акчаны ал да басып чыгара бергиле!» деп кайдыгер басып кетишкенби? Ошол китеп чыккандан кийин деле колдонууга бергенге чейин бир сыйра барактап койгонго жарабаган бакандай министрлик, аны жетектеген Гүлмира Каримовнаны эмне деп атайбыз? Шалаакылык, жоопкерчиликсиздик деген ушул да…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: