Menu

Кубатбек Боронов, өзгөчө кырдаалдар министри: “Бир эле күндө 34 өрт катталды”

Бөлүшүү:

— Министр мырза, мурдагы күнү Ош базарында өрт чыкканда, өзүңүз баш болуп ошол жерде өрт өчүрүүчүлөрдүн ишин жетектеп жүргөнүңүздү көргөн эл ыраазы болду. Ошол эле учурда айрымдар, мисалы, депутаттар “өрт өчүргүчтөр кечигип келишти” деп нааразы да болуп атышты…

— Депутат өзү ошол жерде турса, мен бул айыптоого макул болот элем. Анан залда отуруп эле “өрт өчүрүүчүлөр жок” деген туура эмес. Өрт өчүрүү кызматына саат тогуздан 48 мүнөт өткөндө билдирүү түшкөн. Тогуздан элүү эки мүнөт өткөндө биринчи өрт өчүргүч машина Некрасов көчөсүндө жайгашкан 4-бөлүктөн жетип келген. Баары болуп 12 техника иштеди. Анын жетөө өрт өчүргүч машина, калганы шаты, суу ташыгыч ж.б. Билдирүү болгондо алгач келген машина кырдаалды көрөт, эгер жалгыз күчү жетпесин билсе, калгандарын чакырат. Эгер биз “ушул жерден өрт чыгат” деп мурунтан даяр болуп турсак, анда баарыбыз ошо жерге барып туруп турат элек да, туурабы? Бул эми кырсык да. Анан ушуну туура түшүнбөй эле ар ким ардекени сүйлөй берсе туура эмес да.

— Өрттүн чыгуу себептери азырынча белгисизби?

— Мен ойлойм, электр зымдарынан болгон замыкания го. Лаборатория тыянагын чыгарса, анан белгилүү болот да.

— Ушул күндөрү өрт чыккан учурлар көп катталып жатабы?

— Жылдагыдай эле. Бирок, кечээ суукта көбөйүп кетти. Мисалы, кечээ бир эле күндө 34 өрт катталды. Бүгүн бир аз азыраак болду, кичине күн жылыгангачы…

Аттокур ЖУМАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: