Menu

“Акыйкат сотторду кантип тандаса болот, деги эле акыйкат соттор бизде барбы?”

Бөлүшүү:

Акылбек Жамангулов, ЖКнын депутаты

– Чындыгында эл сотторго ишенбей калышты. Баарыбыз билебиз, соттор бирөөлөрдүн заказдарын гана аткарып калышкан. Парламент негизинен бардык талапкерлерди өткөрбөш керек болчу. Акыйкат сотторду алып келиш үчүн бардыгын текшериш керек.
Мурунку иштерин, туугандарын жана өзүн көзөмөлгө алыш керек жана айлык маянасын биз көтөрүп беришибиз керек. Анан чоң талап коюшубуз зарыл, алар таза жана акыйкат иштеши үчүн. Талапкерлерге бир топ сын-пикирлер айтылды. Тилекке каршы, бардыгыныкы мурунку иштери жакшы эмес. Менин жеке оюм боюнча татыктуу талапкерлер эмес эле, бирок коллегаларым колдоп беришти.

Ирина Воронцова деген кандидат ал өзүнчө эле легенда. Ал Бишкек шаарындагы бардык соттордун, райондогу соттордун чечимдерине чейин кийлигишчү. Менин оюмча бардыгына, райондук сотторго буйрутма берчү ошол
киши.

Жыргалбек Турсункулов, ЖКнын депутаты

– Мага Айдар Алымкулов жана Ирина Воронцованын иштери боюнча элдерден көптөгөн арыздар келип түшкөн. Бул талапкерлердин өтпөй калганы туура чечим болду. Парламент туура чечим кабыл алды, Жогорку сотко бараткан талапкерлердин жеке көз карашы, акыйкаттан тайбаган чыныгы сотторго тиешелүү сапаттары болушу керек. Ал адамдар адамдын тагдырынын акыркы чекитин коет. Ошондуктан кылдаттык жана акыйкаттык деген нерсени туу тутушу керек. Эң өкүнүчтүүсү, өтпөй калган үч талапкер кайрадан мурдагы ордуларына барып иштеп калышат. Ишенимден кеткен, акыйкаттан тайган соттордун адам тагдырын чечип жаткандары мени капа кылат. Ошондуктан элдин азыр сотторго болгон ишеними түп тамырынан жоголгон.

Тазабек Икрамов, ЖКнын депутаты

– Акыйкат соттор бар. Бирок тилекке каршы, акыркы учурда тандоо туура болбой жаткан. Бул жолкусунда талапкерлерди тандоо буюрса туура болду деп ишенем. Бул тандалган талапкерлер акыйкат иштешээрине үмүт артам. Соттор өздөрүнүн кызыкчылыгынан алыс болуп, отурган ордунан, жогору жактан коркпой, элдин, адамдын убалынан коркуп иштешсе элдин сотторго болгон ишеними кайрадан жаралат.

Төрөбай Зулпукаров, ЖКнын депутаты

– Баш мыйзамдын 94-беренесинде соттор “Конституцияга жана мыйзамга гана баш иет» деп турат. Соттордун көз карандысыздыгы жетиштүү. Аларды баш мыйзам коргоп турат. Ошол мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу колдонуп, акыйкат сот болуп беришсе элдин ишеними артмак. Азыр чынында элдин сотторго болгон ишеними жоголгон. Көпчүлүк соттордун артында илинчеги бар экенин элдер айтып жатышат. Калк айтса калп айтпайт!

Айнуру Алтыбаева, ЖКнын депутаты

– Бардык судьяларды коррупционер деп айта албайм. Бирок системадагы коррупциядан көп иштер, анын ичинде кылмыш иштери, экономикалык иштер адилетсиз каралып, туура эмес чечимдер чыкканы үчүн эл сотторго толук ишенбей турат. Ар бир сот өз ишин мыкты билген, адилеттүү, жүрөгү таза болсо, элдин аларга болгон ишеними да жогору болот деп ойлойм. Биринчиден, соттор кесипкөй, иш билги болушу керек. Бешинчи, алтынчы, жетинчи кабаттан чалса да, бирөө акча берсе да көңүл бурбай, иш билгилик менен калыс чечим чыгарса сот тармагында тазалануу болот. Бийлик аралашпашы керек. Таза иштеген судьялар кайсы жактан чалса да, кандай буйрук болсо да, пара сунуш кылса да укпай, кесибин, акыйкатты биринчи орунга койсо эч бир бийлик үн ката албайт.

Клара Сооронкулова, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы

– Мен өз иш тажрыйбамдан билем, бизде сот системасында сабатсыз, билимсиз соттор толтура. Бул билим берүү системасынын да кемчилиги. Экинчиден, сотторго моралдык принциптер жетишпейт. Көп соттор абийир деген түшүнүктөн аксайт. Парламент Жогорку соттун судьялыгына президент сунуш кылган беш кишинин талапкерлигин карап, экөөнө макулдугун берип, үчөөнө каршы болду. Мени кубандырганы: Жогорку Кеңеш баш көтөрүп калыптыр. Мындан ары да ушул боюнча оңолуп кетсе экен. Мурда Атамбаевдин мезгилинде президент кимди сунуш кылса, «президент көрсөттү» деп эле шайлап коюшчу. Демек президенттин аппаратынан да депутаттарга басым болгон жок, мамлекет башчы өз сунушун берди да, «калганын өзүңөр чечкиле» деп Жогорку Кеңешти өз эркине койду. Бул жакшы көрүнүш.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: