Menu

Соттолгон тажик журналистинин үй-бүлөсү мамлекетке келтирилген чыгымдарды төктү

Бөлүшүү:

12 жылга соттолгон Тажикстан КВН командасынын жетекчиси, журналист Хайрулло Мирсаидовдун үй-бүлөсү мамлекетке 124 миң сомони (13 000 доллардан ашык) төлөп берди.

Мирсаидовдун үй-бүлөсү тараткан расмий билдирүүгө ылайык, бул сумма тергөө органдары тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иретинде аныкталган. “Бирок бул анын үй-бүлөсү жана адвокаттары Мирсаидовго тагылган айыптарды моюнга алат дегенди билдирбейт”, деп айтылат билдирүүдө.

Хайрулло Мирсаидовдун жакындары зыяндын суммасы журналисттин эркиндиги үчүн арзыбай турганын айтышып, анын тезирээк бошотулушунан үмүт артышты.

Хожент шаарынын соту 11-июлда “Азия плюс” жана “Немис толкуну” маалымат каражаттарынын мурдагы кабарчысын “мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланган” жана “жалаа жапкан” деп 12 жылга күчөтүлгөн шарттагы абакка кескен. Мындан тышкары жаза мөөнөтү аяктагандан кийин эки жыл коомдук иштер менен алектенүүсүнө тыюу салынган.

Журналист былтыр декабрда туулуп өскөн Хожент шаарында кармалган. Анын алдында Согди облусунун Жаштар жана спорт иштери боюнча башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси Олим Зохидзоданы паракорлук үчүн айыптаган.

11-июлда АКШ жана бир катар европалык өлкөлөрдүн Душанбедеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү сот өкүмүнө карата тынчсыздануусун билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: