Menu

Үмүт Култаева, профессор: Мамлекеттик эгемендүүлүктү билим берүү эгемендиги гана бекемдей алат

Бөлүшүү:

“Билимсиздердин мамлекети болууга мүмкүнбү?”— деген суроо бери болгондо акылсыздын, андан катуу айтканда, дөдөйдүн суроосу экенин мектеп окуучусу ойлонбой айтат. Биз эгемендүү мамлекет болгондон бери өзүбүздүн улуттук билим берүүнүн пайдубалын түптөй алдыкпы? Адегенде, Америка университети ачылды.

Кол чаап кубанып, кучак жайып тосуп алдык. Албетте, анын жакшы жагын эч ким танбайт. Балдарыбыз ал жакка өтүү үчүн тил билүүгө умтулду.

Билим сапатында өзгөрүү, жаңылануу аздыр-көптүр тамыр байлап, урпактардын ой жүгүртүү масштабы кеңейди. А бирок акыркы натыйжа эмне болду? Ошол эле Америка университетин бүткөн өзүбүздүн балдар Кыргызстандын билим берүү системасына текебер мамиле жасап, андан бүткөн балдарды экинчи сорттогу жаштар эсептеди. Университет  ачуу демилгесин көтөргөн “интерпатриотторубузду” акырын сүрүп чыгарып, өздөрүнө ыңгайлуу кадрлар менен толуктап алышты. Балдарыбыз массалык түрдө Америкага кетүүнү эңсеп, максаттуу жашоону бир гана башка өлкөдөн издеп калышты.

Америкадан соң билим берүүнүн түрк системасына кеңири эшик ачтык. 80 гектерлаган жер өзгөлөргө берилди, өзүбүздүн Улуттук университетибиз мындан 85 жыл мурда курулган аянтында айланчыктап, мезгил менен катар өнүгө албай жалаң интриганын ордосуна айланып, улам артка кетүүдө.

Түрк туугандар менен бир боордош экенибиз ырас, алар билим берүүнү тарбия менен айкалыштыруунун алгылыктуу моделин көрсөтүштү. Ошол эле учурда экинчи элдин агымы Түркияга багыт алып, колунан келгени да, келбегени да ал жакка сапар тартты. Өкүнүчтүүсү, ал жактан жыргал жашоо издеген кыздарыбыздын абийири айрандай төгүлүп, көчөдө сабалып, кыргыз төрдө отургузган кызынын кымбат наркы кайда калды? Элчилер менен ушул маселелерди талкууласак болбойт беле? Бул элчилердин негизги кесипкөйлүк парызы го.

“Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда орун-очок алып, “ити чөп жеп” калганда, аны кыргыздар эмес, түрк туугандар өздөрү кодулап жатканда да, биз бул мекемеде “жалданма” эмгек армиясын түзүп, алар ээ болгон привилегияга өз жерибизде толук ээ болбой жатканыбызга арданып, маселе көтөргөн жокпуз. Эмнеге биздин ата-энелер “Себатка” 3 миң доллар берүүгө кезекке турат да, өз мектебибизге 3 миң сомду өз эрки менен таштап койбойт деп намыстанган жокпуз.

Түрк туугандар “Сапатка” альтернатива издебей, биз издешибиз керек эле. Биздин акылыбыз кемби, ошондой билим берүү системасын түзүүгө мээбиз жетпейби? Билимибиз тайкыбы? Жок. Болгону анын баарын уюштура билген иш билги кадр бийликке келбейт, анткени анын таанышы же акчасы жок. Мыкты кадрларды “ит күлүгүн түлкү сүйбөй” сыртка сүрүлүп калган. Жагымпоз, көз карамалардын доору али бүтө элек.

Кыргызстанга билим экспорттоонун үчүнчү толкуну катары кытайлар кирди. Алардын берген стипендиясына арбалган байкуш элибиз азыр ар бир экинчи үй-бүлөдө баласын Кытайга кетиргиси келет. Кылым карытып, кыйла жолдун кыйырын баскан, маселени “чыгышча” чечип, оппонентин “кебез менен мууздаган” акылман ханзулар “билим берүүдө биз эшигибизди сыртка ачабыз, ичке ачпайбыз”- дешет. Ушул сөздө эмне деген маани жатат?! Эшигин “ичке ачпаган” себеби башка мамлекеттин билим берүү системасын мамлекетине киргизбейт.

Бул биз башка мамлекеттин билим берүү системасына муктаж эмеспиз, өзүбүздүн колубуздан келет дегени эмеспи! Ооба, туура айтышат, башка мамлекет билим берүү аркылуу өзүнүн идеологиясын жайылтат. Билим берүүнүн бүтүндөй системасы эмес, ар бир илимий жана көркөм адабиятты текшерип туруп, өлкөсүнө киргизет.

Билим берүүдө эшигин “сыртка ачкан” акылман ханзулар азыр дүйнөнүн 125 өлкөсүндө Кытайдын Конфуций институту иштеп, өз өлкөсүнүн тилин жана маданиятын жайылтып жатат. Бул процесс азыр динамикалуу өнүгүүгө бет алды. Тил менен маданият улуттун жан-дүйнөсү экенин алар жакшы билишет. Алар миңдеген тилчилеринин эмгек маянасын өздөрү төлөп, башка мамлекеттерге билим берүү системасын экспорттоп жатышат.

А биз болсо башка мамлекеттердин билим берүү системасын терең ойлонбой туруп импорттоп алдык. Макул, балким, өткөөл мезгилде биздин шартыбыз ошондой кадамдарга муктаж болгондур. Эми эгемендүүлүккө 27 жыл болбодубу. Качан улуттук билим берүүнүн элге жаккан моделин түзөбүз? Качан биз билим берүү аркылуу мамлекеттин кебелбес идеологиясын туу кылып көтөрөбүз? Биздин балдар качан мен өз өлкөмдө гана билим алгым келет деген ойго келет? Азыр балдардын өз эркине койсо, Кыргызстанда калгысы келген бир да адам табылбас эле. Айласыздан гана башка мамлекетке кетүүгө мүмкүнчүлүгү жогунан турушат. Анткени алар үчүн бизде жогорку, орто, кесиптик билим алуунун идеалын жараткан система жок.

Кызыгы, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат мырза “Сапат” билим берүү мекемесинин ордуна Түркиянын “Маариф” фондуна таандык жаңы билим берүү мекемесин ачууну Кыргызстан макул болобу же болбойбу деп ойлонуп койбой сунуштаганы турат. Анткени биздин жакынкы жана алыскы коңшулар маселени Кыргызстанда чечүүнүн “оңой” жолун таап алышкан.

Албетте, балдарыбыз билим берүүнүн эл аралык мейкиндигине чыгыш керек. Бул өнүгүүнүн цивилизациялуу жолу экени ырас. Бирок башка өлкөнүн билим берүү системасына “кул болбой”, эки тараптуу, тең укуктуу келишимдердин негизинде чет мамлекеттерге барып окуп, көз карашын кеңейтип, билимин өз мекенине кызмат кылууга жумшоо максатына ээ болуу керек. “XXI кылымдын кадрлары» программасын таанышы барлар менен мамлекеттик кызматкерлердин балдары ээлебей, ал орундар чыныгы таланттуу эл ичинен чыккан татыктуу балдарга берилиши мамлекет үчүн аба менен суудай зарыл. Ошондо гана биз мамлекеттик эгемендүүлүктү билим эгемендүүлүгү менен бекемдейбиз.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: