Menu

Туш тарабыбыз коррупция, кайда барабыз?

Бөлүшүү:

Негизи кыргыздар пейилибиден табабыз. Мамлекетибиз өнүкпөйт, ичип-жеп жатышат, жоопкерчиликке эч ким тартылбайт деп кыйкырабыз. Анан мамлекеттин казынасына кол салган, элдин ырыскысын жеген делип коррупционер чиновниктерге кылмыш иши козголуп, камакка алынган күндөн тартып тескери сайрай баштайбыз. Түз «Ал биздин өрөөндүн патриот, мыкты инсаны, ал жеп-ичкен эмес» деп адвокатка айланып, жол тосуп, митингге чыгабыз. «Ооруп өлгөнү жатат, үй камагына чыгаргыла» деп кыйкырабыз. «Саясий куугунтукту токтоткула, саясий туткундарга боштондук» деп өңгөчүбүз кызарганча айкырык салабыз. Анан кантип оңолобуз? Мамлекетти жеген коррупционердин жем чачкандай тыйынына алданып, коррупцияга каршы күрөшкө каршы чыгып жатсак. Мындай аң-сезим менен эзели коррупцияны жеңе албайбыз… Тар аймактын кызыкчылыгын көздөгөн жердешчилик оорудан айыгып, мамлекеттик масштабда ой-жүгүртөлү…

Мына азыркы тапта бир катар ири долбоолор боюнча каңылжаарды жарган коррупциянын изи чубалып жатат. Эми камалчулар камалып, жооп берүүгө тийиш. Мамлекеттин казынасына кол салып, элдин ырыскысын жегендер ким болсун жоопко тартылышы абзел. Эгер эми үлкөндөргө сыйыртмак ыргытылып камакка алынса, «биздин өрөөндүн баласын камап коюшту, жесе эмне болуптур, башкалар деле жеп жатышпайбы» деп адатыбызча коргоп чыкканды коёлу.

Учурда коомчулуктун төбө чачын тик тургузган Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштериндеги асман чапчыган бааларга таң калгандар оозун жаап үлгүрө электе, Чолпон-Атада курулган ат майданындагы коррупциянын жыты бур этти. Бишкек шаарына тигилген 10 миң сомдук көчөт боюнча былыктар чубалды. Бул кыңыр иштерге байланыштуу кылмыш иши козголду.

Тарыхтан желген миллиарддар

Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо иштериндеги асман чапчыган баалар коомдун кыжырын кайнатты. Сатып алынган эмеректердин баалары жогору экени, коррупциялык көрүнүш орун алганынан кабар берди. Ал ортодо музейди реконструкциялоого мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков кураторлук кылганы айтылды.

Музейге алынган жасалма эки аттын ар бири 14 миң евродон экени маалым болду. Чакан кофе ичүүчү жай жана андагы диван 224 миң еврого жасалган.

Ал эми 58 түркүктөн турган «Барсбек» деп аталган жыгач инсталляциясынын ар бири 600 доллардан айланып, 34 миң 800 доллар болгон.

Тарых музейин оңдоодо консультативдик-дизайнерлик кызматка эле 394 миң евро сарпталган. Отургучтардын ар бири 100 миң сомдон алынган. Жарыктандырууга орнотулган лампаларга 700 миң еврого чамалуу каражат жумшалган. Мындай кымбат баалуу эмеректердин баары Германиядан алынган. Жалпы эмеректер жана аны орнотууга 9 млн. евро бөлүнгөн.
2016-жылы музейдин реконструкциялоо иштерине Түркия 15 млн. $ акча бөлөөрүн айткан. Бирок кыргыз өкмөтү ал грантты күтпөстөн, мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүп,1 миллиард 569,4 миллион сом сарпталган.

Көчөттөн желген миллиондор…

УКМК мэрия тарабынан ар бири 9 миң 90 сомдон чет өлкөдөн сатып алынган жалпы баасы 13 миллион 763 миң сомдук көчөттөр боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Маалыматта 2017-жылдын 23-октябрында «Арт Грин» компаниясы менен ар бири 9090 сомго бааланган көчөттөрдү алып келүү боюнча келишим түзүлгөнү айтылат. Былтыркы жылдын бюджетинин бекитилген планына ылайык, май айында 60 миллион сомго көчөт сатып алуу каралган. 2017-жылдын аралыгында «Арт Грин» компаниясы менен жалпы баасы 18 миллион 615 миң 980 сомго төрт келишим түзүлгөн. Ал эми «АГТ Азия» ишканасы менен 8 миллион 948 миң 816 сомго эки, «Зиар Строй» менен 14 миллион 481 миң сомго 6 келишим түзүлгөн. Ушу тапта козголгон кылмыш иштин алкагында аудит жүргүзүлүп, сатып алуунун натыйжалуулугу текшерилип жатат.

Ат майдандан желген миллиондор

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы (ККК) Эсеп палатасы менен биргеликте II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Чолпон-Атага ат майдан курууда каражаттардын максаттуу пайдаланылышын иликтеп, бир нече мыйзам бузууларды аныктап чыкты. Текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча объектини куруудагы подрядчыны тандоодо «Мамлекеттик сатып алуулар» менен «Шаар куруу жана архитектура» боюнча мыйзам ченемдери бузулганы айтылат.

«Подрядчы менен келишим долбоорлоо-сметалык документациясыз, ошондой эле мамлекеттик экспертизасыз түзүлгөн. Жыйынтыгында курулушка кетчү чыгым башында белгиленген 480 миллион сомдон 1 миллиард 584 миллион сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Андан сырткары, курулуш иштеринин көлөмүн 10 миллион сомго чукул жасалма түрдө жогорулатканы аныкталды. Ошол эле мезгилде 144 миллион сомдун финансылык отчетторун көрсөткөн документтер жок болуп чыккан.
Мындан сырткары, 8 миллион 244 миң сомго темирден жасалган ферма долбоорго ылайык салынган эмес жана аны курууда курулуш эрежелерин бузуулар аныкталганы айтылат. 31 миллион 398 миң сом коротулган жолго төшөлгөн асфальт нормативдик талаптарга жооп бербей турганы аныкталган.

Ат майдандагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен жасала турган иштер үчүн бөлүнгөн 9 миллион 737 миң сом акча мыйзамсыз колдонулганы такталган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү
башталды.

КТРден желген миллиондор…

Эсеп палатасы КТРдин 2017-жылдагы ишмердигине аудит жүргүзүп, жыйынтыгында 10 млн. сомдон ашуун ар кандай каржылык мыйзам бузууларды тапканын маалымат каражаттары жазышты. Бир айдан ашуун убакыттан бери Коомдук каналдын каржылык операцияларына кылдат байкоо жүргүзгөн аудиторлор жыйынтыгында, 10 млн. сомдон ашуун каражаттын дайыны чыкпай жатканына күбө болушкан. Бул каражаттын көп бөлүгү ПТС (көчмө телевизиондук станция) техникасын сатып алууга таандык экени да айтылат. Азырынча бул маалыматты Эсеп палатасы расмий четке каккан жок. Буга чейин эле Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Азамат Болгонбаев Жогорку Кеңеште дал ушул ПТСтин баасы боюнча депутаттар иликтөө кылышы керектигин айтып чыккан. Себеби КТР былтыркы жылы 1 542,817 миң АКШ долларына же же 106 млн. 454 миң сомго 8 камералуу HD форматындагы ПТС сатып алган. Бул жерде акча желгени боюнча шек жаралган…

Коррупция жыттанган иштерди аткарган компания тууралуу

Тарых музейин реконструкциядан өткөргөн компаниянын буга чейинки иштери аныкталды. Маалыматка ылайык, «СМУ-3» компаниясы 2003-жылдын 5-ноябрында Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Учурда ал «Азат» корпорациясынын ичине кирет. Буга чейин аталган компания бир нече мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырган. Атай кетсек, Ала-Тоо аянтында жайгашкан “Манас” эстелигин 2011-жылдын 31-августунда орноткон. Анын курулушуна 28 млн. сом кеткен. Андан кийин Орто-Сай айылында жайгашкан желекти 2012-жылы орноткон. Аталган долбоорго 8 миллион сом коротулган. 2016-жылы Чолпон-Атадагы ат майданын Көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн курган.

«СМУ-3» компаниясы Германия, Франция, Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия жана АКШ долбоорлоо фирмалары менен кызматташат. Тарых музейине ташылып келген кымбат баадагы эмеректерди алуу үчүн Германиянын “Vitrinen und Glasbau Reier” фирмасы менен келишим түзүлгөн. Аталган фирмага мамлекеттик бюджеттен 684 млн. сом же 8,6 млн. евро которулган.

Булак: “Фабула” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: