Кечээ, 15-июлдун кечинде Москвадагы “Лужники” стадионунда Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык беттешүүсү Франция менен Хорватиянын курама командаларынын ортосунда болуп өттү. Оюнга Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович, Орусиянын президенти Владимир Путин жана ФИФАнын президенти Жанни Инфантинолор келип, көрүп олтурушту. Финалда Франциянын курама командасы Хорватиянын курама командасын 4:2 эсебинде утуп алып, дүйнөнүн футбол боюнча чемпиону болуп жарыяланды. Оюндун жүрүшүнө көз салып олтурган президенттердин арасынан Эммануель Макрондун реакциялары өтө жандуу, эмоционалдуу болуп жатты.
Фотолор интернеттен алынды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ