Menu

Мирбек Иманбеков, ырчы: “Апам күчүктөрүм силерди жакшы көрөм деп коштошуп кете берди”

Бөлүшүү:

“Апам бизге ыраазы болду бекен?..”

– Апамдын азан чакырып коюлган аты Мырзабүбү, бирок эл аны Канчайым деп таанышат. Көзү тирүүсүндө эмнеге аты Канчайым болуп калганын сурабаптырмын.

Апам 69 жашында бизди таштап кетти. Байкушум 70 жашына бир жума калганда каза болду. Эне эч качан унутулбайт деп ойлойм, өмүр бою жүрөгумдө жашайт. Апамды жоготконубуз мен үчүн аябай сокку болду, оор кабыл алдым. Мүнөзү аябай токтоо эле, бирок көп күлүп, кубанар эле. Уккан-көргөнүмдү, күлкүлүү окуяларды айтып берсем, аябай каткырып күлүп калчу. Күлгөн учурунда жашарып кеткендей сезилчү. Бардык мээримин, акылын, жашоосун балдарына арнады. Апам 11 баланы төрөдү, баарын тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай багып өз жолуна салды. Ага баарыбыз ыраазыбыз, бирок менде дайым суроо тура берет. “Апам бизге ыраазы болду бекен, биз анын ишенимин актаган, жакшы бала болдук бекен?..” деп өзүмдөн көп сурайм. Эми аны тиги дүйнөгө кеткенден кийин сурай албайт турбайбызбы. Аябай эмгекчил эле, сабырдуу, чыдамкай болчу. Өзү арык, бирок мен үчүн апам чече албаган маселе жоктой сезилчү. Өтө күчтүү аял эле.

Мен апамдын 10-баласымын. Мен төрөлгөндө апам Баатыр эне наамын алган экен. Балдардын кичүүсү болгон үчүн мени, атам экөө тең катуу эркелетишти. Экөөнүн тең бир да жолу колу тийген эмес, урушчу эле, бирок чеги менен. Мындай бонус мага, анан карындашым Айгүлгө эле болду окшойт. Жашы өтүп калган үчүнбү, бизди эркелетип көзүбүзгө карап чоңойтушту. Чоңойгонго чейин ата-энемдин коюнунда жаттык. Ушу жашка чейин эл арасында жүрүп, аркы-беркини байкап калдым десем болот. Бирок өмүрүмдө энемдикиндей мүнөзд үэч кимден кезиктирген жокмун. Кээ бир аялдар кыйкырып-өкүрүп бетпактык кылып өз маселесин чечип алышат го. Энем бир да жолу үнүн катуу чыгарып бирөө менен урушканын көрбөдүм. Мен эле эмес, эч ким көрбөсө керек. Кандай учур болсо да, асман кулап келе жатса да үнүн өзгөртпөй туруп маселени чечип койчу. Бирөө таш менен урса, аш менен уруп, жамандык каалап жатканын билсе да жакшылык кылып жерип койгон мүнөзү бар эле.

“Конок тосконду жакшы көрчү”

– Үйгө мейман келгенин жакшы көрчү. Жайдары ачык кабак менен болгонун жайнатып тосуп алчу. Келген конок да ыраазы болуп кабагына тоюп эле кетчү. Апамдын бардык тамактары жакчу. Таласта күлчөтай дайым “трендде” эмеспи. Ушу тамакты өзгөчө дитин берип сонун жасачу. Наны сонун эле. Казанга алдына чок таштап коюп көмкөргөн нандар болот го. Апам ошондой жасачу, көмкөрмөнүн бурчтарына кичине кылып ашкан камырдан коюп койчу. Эмнегедир ошол кичине нанды, гүлчөнү баарыбыз талашып жечүбүз. Карындашым экөөбүзгө сөзсүз түрдө ошол биз жакшы керген нанды башкалар жебесе да ушул жесин” деп туруп катып койчу. Баса, апам унутчаак болчу, конокко бара турган болсо эле шашкалактап калчу. Жолго чыгарда бир нерсесин унутуп калып, жолдон кайтып келчү, кээде атам байкап калып бизге “жүгүр, апаң унутуп кетти, жеткир” деп берип жиберет эле. Чуркап баратсаң апам келе жаткан болот. Азыр жаш кезиндеги сүрөттөрүн карап отуруп аябай сулуу болгонун байкайм. Ар бир бала үчүн эле энеси сулуу көрүнөт болуш керек, бирок мен апамдай сулуу аял көрбөдүм.

“Апам жүгүрүп жүрүп эле кетип калды”

– Мени апам эч жазалачу эмес. Бирок агаларымды, эжелеримди жакшы эле жазалаптыр. Болгондо да жыгылып келип бир жерин тытып алган болсо, дал ошол жерине уруп койчу экен. Эне да, тытылган жерин көрүп жини келсе керек, “мен сага антпе деп айтпадым беле, жүз жолу айтсам укпайсың, алып кел ошол ооруган жериңди” деп дал ошол жерин урчу экен (күлүп). Мен туура эмес иш кылсам урушуп гана койчу. Бирок аны урушту деп деле айта албайсың. Байкушум, урушканды деле билчү эмес, кейип койчу. Анан кайра-кайра какшай бербей, бир эле жолу айтчу, кылбай койсоң кейип калчу, кейигенин да ичине сактачу. Азыр оорулары да баарын ичине сактаган үчүн пайда болдубу деп ойлоп калам. Апам өзү көп деле ооруган эмес, ашып кетсе тумоолочу. Анча-мынча келиндерге караганда апамдын кыймылдап чуркап эле жүрчү. Эч ким минтип ооруп калат
деп ойлогон эмес.

Рак оорусу көп жыл организмде сакталып, эч белгилери жок эле убагы келгенде алып түшөт экен. Апам өзү деле рак экенин билген эмес. Кадимки эле жөтөл деп 10-15 күн жүрдү. Кургак жөтөл токтобой койгондо “апа, жүрү” деп ооруканага алып бардык. Текшерилип, анан билинди. 9 ай бул оору менен күрөштү. Анда деле жакшы жүрдү, бирок оору жеңип кетти. Көрсө, биз текшерилген учурда эле күчөп кетиптир, айыкпайт дешкен эле. Ошентсе да колдон келген бардык аракетти кылдык, көрсөтө турган жердин баарына көрсөттүк. Бирок даба таба албадык. Апам кетеринде бардык балдарын, неберелерин чогултту. Баарыбызды кучактап өөп, небере-чөбүрөсүнө чейин бетинен өөп, жакшы сөздөрүн айтты. “Бир-бириңерди карап жүргүлө, жөлөк-таяк болгула. Мен силерди баарыңарды жакшы көрөм, күчүктөрүм” деди.

Апама көп эле нерсе кылгым келген, кылдым дагы. Оюмда көп нерсе бар эле. 70 жаш юбилейин өткөрөм деп жүргөм. Төрүмдө отуруп эле берсе кана?!

Балдарынын ар кимисинин өз жашоосу бар эмеспи, өкүнгөнүм, атам жалгыз калды. Бирок атам оор басырыктуу, акылы курч, кайраттуу адам. Канчалык кыйналса да, бизди чөгүп кетпесин, кайгыга алдырбасын дейт окшойт, сыр билдирбейт. Апам көрбөгөн нерсени эми атам көрсө экен деп тилейм. Баарын таштап айылга келгенимдин себеби да ата-энем болчу. Ушулардын көзү тирүүсүндө жеткиликтүү сыйлап калайын дегем. Азыр атамдын жанында болгонум үчүн сүйүнөм.

Акыйкатта сенин жамандыгыңа, жакшылыгыңа же жөн эле тирүүлүгүңө ыраазы болгон, баарына түткөн эне экен. Тынчтыктын, жакшылыктын башаты эне экен. Дүйнөдөгү энелердин баарына ден соолук каалайм. Энелер оорубасын. Кимдин энесинин көзү тирүү болсо, муну айткым келет. Жашоо кыска экен, “аны кылам, муну кыла деп өз кызыкчылык менен жүрүп эң кымбат адамыбызга жеткиликтүү көңүл бура албай калат экенбиз. Колуңда турганда, жаныңда болгонунда сүйүнтүп калыш керек экен. Энеңиз чакырып жатса бүгүн барыңыз, балким, сагынып жаткандыр. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн.

Булак: «Супер инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: