Menu

Өкмөт ант берди, аткарылышы кандай болот?

Бөлүшүү:

Бүгүн парламентте Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өттү. Анда баардыгы эл үчүн ак ниеттен берилип кызмат кылаарын, эгер берген антын буза турган болсо КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигин бир ооздон божурашты. Кызыгы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 28 жолу өкмөт алмашып, Гиннестин рекорддор китебин “уят” кылганына карабай, бир дагы өкмөт жумуштан жөн кетпептир. Дегеним, баары шыр кетпей чыр кетиптир. Демек, баары антынан тайып, алкымы араандай ачылып, элдин канын ажыдаардай соргон, бирок бирөөсү дагы мыйзам алдында жооп берген эмес. Балким кээ бирлери ак жеринен айдалгандыр, анткен менен көпчүлүгүнүн артында калбыры бар экенин элдин баары жакшы билет. Айткан сөзү менен жасаган иши таптакыр төп келбеген саясий элитабызга эл да көнүп бүткөн. Алардын антын көңүл коюп угуп, ага ишенген адамдар деле жок. Кантсе да бүгүнкү өкмөт дагы өткөндү туурап “кыйратабыз” деди. Эми кыйратканын көрө жатарбыз.

Жогорку Кеӊеште ант берген жаңы өкмөттүн курамы:

– Премьер-министр Жээнбеков Сооронбай Шарипович;
– Биринчи вице-премьер-министр Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшөкеевич;
– Вице-премьер-министр Панкратов Олег Михайлович;
– Вице-премьер-министр Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;
– Өкмөттүн аппарат жетекчиси – министр Осмоналиев Акылбек Шарипович;
– Экономика министри Кожошев Арзыбек Орозбекович;
– Ички иштер министри Турганбаев Мелис Токтомамбетович;
– Юстиция министри Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна;
– Финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович;
– Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов;
– Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Базарбаев Кудайберген Базарбаевич;
– Билим берүү жана илим министри Сариева Элвира Кубанычбековна;
– Маданият, маалымат жана туризм министри Максүтов Алтынбек Аскарович;
– Саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;
– Айыл чарба жана мелиорация министри Бекбоев Турдуназир;
– Транспорт жана коммуникациялар министри Айдаров Зарылбек Казакбаевич;
– Тышкы иштер министри Абдылдаев Эрлан Бекешович;
– Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы – Сегизбаев Абдил Кеӊешевич;
– Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – Кенжисариев Марат Сарымсакович.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: