Menu

Ташкентте Пайгамбарды урматтаган монумент тургузулат

Бөлүшүү:

Өзбек эл сүрөтчүсү Баходир Жалалов Ташкентте Өзбекстандын ислам маданияты борборуна орнотула турган монументалдык айкелдин үстүнөн иштеп жатканын билдирди.

Белгилүү сүрөтчү мрамор жана граниттен даярдалып жаткан айкел «улуу Пайгамбардын дүйнөсүнөн келген түбөлүктүүлүктү» көрсөтө турганын билдирди. Скульптуранын үлгүсү жакында эле коомчулуктун назарына сунушталган.

Скульптор жаңы айкел «Ислам маданияты борборунун визиттик картасы» болуп калат деп эсептейт. «Композиция жер шарына асылган наристенин эстелигинен турат. Бул фигура бизге атайын миссия менен келип, дүйнөгө түбөлүктүүлүк тууралуу жаңылык алып келген Кудайдын элчисинин образы. Композиция орусча «Посланник бога», англисче – «Messenger of eternity» деп аталат. Азырынча аталышын өзбек тилине которо элекпиз», – деди ал.

Сүрөтчү исламдагы жандуу нерселердин сүрөтүнө жана айкелдерге тыюу салуу тууралуу өз пикирин билдирди. «Жакында Дубайда менин көргөзмөм өттү. Араб шейхтери менен аристократ мусулмандар эмгектеримди абдан жакшы кабыл алышты. Айтымдарында, исламда жандуу нерселердин сүрөтүн тартууга так кесе чыгарылган тыюу жок», – деди Жалалов.

Айкелчи өзүнүн жаңы эмгегин коомчулукка тааныштырган күнү, анын 1983-жылы жараткан Ташкенттеги Кино үйүндөгү «Түбөлүктүүлүк элчиси» монументи бузулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: