Экс-президент Алмаз Атамбаев мамлекеттик резиденциядагы президенттик үйдөн ушул эле жердеги дачага көчүрүлдү. Бул тууралу бүгүн, 12-декабрда КР Президентинин Иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коёналиев “Азаттык” радиосуна билдирди.
Ошондой эле президенттик үй оңдолуп, жаңы президент Сооронбай Жээнбеков көчүп кирүүгө даяр экенин кошумчалады. Буга чейин маалымат агенттиктери жазган “Атамбаев президенттик үйдү жана иш кабинетти бошотпой жатат” деген маалыматты Коёналиев албетте моюнга албады.
Бирок, кечээ, 11-декабрда КР Президенттик аппаратынын маалымат бөлүмү тараткан сүрөттөрдө президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясындагы мурун Атамбаев иштеген кабинетте Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алганы байкалды. Демек Атамбаев резиденциядагы иш кабинетти да жаңы президентке кеч болсо да бошотуп бергенин боолголоого болот.
Эгер Турусбек Коёналиевдин айтканы чын болуп Атамбаев дачага көчсө анда экс-президент да мыйзамга баш ийе баштаган экен деп биз кубанып турабыз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ