Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 2017-жылдын 26-ноябры күнү саат 21:30да Бишкек-Ош авто унаа жолунун 408-чакырымында “Скания” үлгүсүндөгү мамлекеттик № 06 KG 773 AAO жүк ташуучу автоунаанын мамлекеттик № 06 KG 570 SA чиркегичи (прицеп) оодарылып кулаган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
КР ӨКМнин №94 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, жолго чачылган буюмдарды жыйнап беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ