Menu

ЕККУ Казакстанда жарандардын «негизги укуктары» бузулганын билдирди

Бөлүшүү:

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Казакстандагы шайлоого көз салган байкоочулары 10-июнда өткөрүлгөн басма сөз жыйынында добуш берүүдө жарандардын «негизги укуктары бузулганын» билдиришти.

– Кечээ (9-июнда) көчөлөрдө демонстрациянын катышуучулары, анын ичинде журналисттер кармалды. Муну менен алар (бийлик) эркин чогулуу жана эркин оюн билдирүү боюнча жарандардын укуктарын бузушту, – деди ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын делегациясынын жетекчиси Маргарета Кинер Неллен.

Аталган уюмдун байкоочуларынын кыска мөөнөттүү миссиясынын башчысы Георгий Церетели Казакстандагы шайлоо күнү болгон кармоо өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн экенин эскертти:

– Чоң шаарларда өткөн тынч митингдери тартип коргоо органдары тарабынан таркатылып, жыйынтыгында көптөгөн адамдар кармалды. Мындай окуялар бийликтин аброюна шек келтирип, өлкөнүн беделине доо кетириши мүмкүн.

Жекшембиде Нур-Султан, Алматы жана Чымкент шаарларында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган жүздөгөн адамдар кармалган. Полиция 500 киши кармалганын ырастап, алардын көбү тартип коргоочуларга баш ийбей, аларды көздөй таш ыргытышканын жүйө келтирди.

Экзит-поллдордун сурамжылоолорунун жыйынтыгында 9-июнда өткөн шайлоодо «бийликтин талапкери», азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 70,13% добуш менен алдыга чыкты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: