Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус алты кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун бирөө медицина кызматкери.
“Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1, Аксы райондук ооруканасынан – 1, Жайыл райондук ооруканасынан – 1, Лейлек аймактык ооруканасынан – 1, Токтогул аймактык ооруканасынан – 1 бейтап коронавирустан көз жумган. Каза болгон медик Темиркан Жарматова Ош облустар аралык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп иштечү”, – деди Акматова.
Кыргызстанда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 173кө жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ