Menu

Видео – Нурланбек Шакиев, коомдук ишмер: “Атамбаев кысчу жерин кысып отурсун!”

Бөлүшүү:

– Чүй облусунун губернатору Туйгуналы Абдраимов кызматтан алынды. Аны журналистке жасаган кылыгы үчүн эле алыштыбы?

– Премьер-министр Туйгуналы Абдраимовдун кылыгына өзүнүн баасын бербедиби, “аткаруу бийлигинин абройуна көлөкө түшүрдү”, – деп айтты. Мындан артык дагы кандай баа болот? Абдраимовду дароо, токтоосуз түрдө кызматтан алып, анан ушул билдирүүсүн жарыя кылса болмок. Бирок, бир аз кечиксе да, акыйкат чечим кабыл алды. Туйгуналы мырзаны кызматтан аларды журналистке байланыштуу чыр шылтоо болду. Себеби, анын катачылыктары акыркы кезде кадам сайын кайталана баштаган.

Негизи эле, Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамы, кадр саясаты башынан эле туура эмес түптөлүп, элдин нааразычылыгын жаратып келген. Аткаруу бийлигинин, мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын күн сайын түшүрүп жатат. Кыргыз эли Абылгазиевдин өзүн да эчак эле өкмөт башчылыгынан кетирип койгон, бирок ал отурат. Дагы ушундай жоруктар улана берчү болсо, мамлекеттик кызматтын кадырын толугу менен нөлгө түшүрүшөт.

– 8-июнда Атамбаев баштаган КСДП митинг өткөрдү. Андагы экс-президенттин билдирүүсүнөн чындык таба алдыңызбы?

– КСДПнын үркөрдөй жыйынын көрдүк, аны митинг деп айтууга болбойт. Себеби, чогулгандар учурда коррупцияга шектелип тергөө абагында отургандардын жек-жааттары, тарапташтары экени көрүнүп турду. Өздөрү да баса белгилеп айтып жатышты. А билдирүү боюнча, Атамбаев кезектеги жолу кыргыз элине калп жаадырды. “Мен бийликке келген жылы милиция, мугалим, дарыгерлердин айлык акысы 2 миң сом болчу”, – деди. Ал бийликке келген 2011-жылы мугалимдердин, милиция, дарыгерлердин да маяналары 8-9 миң сом болуп калган, алды 10 миң сом алышчу.

Анан да Райым-миллионду бир гана жолу, 2010-жылы Курсан Асановдун үйүндө көргөнүн айтып жатат. А соцтармактарда Райым-миллион, Атамбаев, Илмиянов үчөөнүн чогуу түшкөн сүрөтү жарыяланды. Ал жерде Асановдун карааны да жок. Бул да Атамбаевдин кезектеги калпы.

Ал бийликти Кыргызстанды колхоз, кыргыз элин мал кылып жатат деди. Өзү кыргыз элин мал деп деп ойлогону үчүн ишене берет деп жалгандарды жаадырып атпайбы. Ал эми колхоз дегени туура болду, анткени өзү башкарган алты жыл ичинде базаркомдорун, жансакчы, таразакорлорун майлуу-сүттүү орундарга алып келип, өлкөнү колхозго айлантты. Кыргызстанды колхозго айлантуу процессин өзү ушинтип баштап берген. Алты жылда олчойгон карызга батырды, анын кесепетин азыр биз көрүп жатабыз. Ар нерсени сүйлөп, сын айтканды коюп, өзү айтмакчы кысчу жерин кысып отурушу керек болчу. Жээнбековду “легалдуу эмес президент, мен аны тааныбайм”- дейт. А азыркы президенттин инаугурациясында ким алкоо сөздөрүн аянбай арнап, бата да берип жиберди эле? Анан кантип тааныбайм дейт? Эки жүздүүлүктүн да чеги болушу керек да. Ошондуктан, башкалар айтса да Атамбаев эч нерсе айтпай, кычу жерин кысып отурсун.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: