Самарканд автомобиль заводунун («СамАвто») эки кызматкеринен коронавирус аныкталгандан кийин жүздөй жумушчу 14 күндүк карантинге алынды.
“Оздоликтин” өз булактары «СамАвто» жетекчилиги заводдун жабылышынан кооптонуп, коронавирустун жайылышы боюнча чыныгы масштабды жашырууда деп эсептешет.
Маалыматка караганда, биринчи кызматкерден вирус эки апта мурун, экинчисинен 22-июнда табылган. Алардын биринин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.
22-июндан тартып жумушчулар түнкү нөөмөт менен иштөөнү токтотту.
Буга чейин карантин маалында Анжиян шаарындагы өзбек-корей биргелешкен «UZ DONG YANG CO» ишканасынын жумушчулары 15 күндөн заводдо түнөп иштеп жатышканы кабарланган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ