Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов бошотулду. Бул тууралуу адвокат Бакытбек Автандил уулу журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев дагы бошотулган. Алар иштин күбөлөрү катары өтүүдө.
Эске салсак, Фарид Ниязов 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыпталуучусу. 6-октябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери аны Бишкектеги СИЗО-1ден бошотушту.
9-октябрдагы башаламандык фактысы боюнча Алмазбек Атамбаев, анын жан сакчылары Дамир Мусакеев жана Канат Сагымбаев, ошондой эле айдоочусу Анвар Арматов кармалган. Ошондой эле “Кыргызстан социал-демократтар” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков кармалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ