Menu

Видео – Асхат Осмонов, “Чоң казатчы”: “Убактылуу өкмөттүн шылуундары – Атамбаев, Текебаев, Отунбаева, Бекназаров жана башкалары жоопко тартылсын!”

Бөлүшүү:

“2010-жылы апрелде 2005-жылдагы март революциясына контрреволюция жасашкан. 2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштүн катышуучусу Болсунбек Рысбеков деген жигит Курманбек Бакиевден кечирим сурап жатат: “мен туура эмес кылыпмын, алданып калыпмын, Убактылуу өкмөттүн шылуундарына алданып, мамлекетти ушундай акыбалга алып келгенине салым кошупмун” деп жатат”,- деп билдирди “Чоң казат” кыймылынын мүчөсү Асхат Осмонов Ак үйдүн алдында видеокайрылуу жасап.

“Эмне дегенде 2005-жылкы революциядан кийин, Курманбек Салиевичтин бийлиги келгенде кичине болсо дагы элдин жашоосу экономикалык жактан жашоосу бир аз жогорулаган. Бирок 14 кишиден турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бизди туңгуюкка алып келип койду. Муну азыр баары билет, элдер “уже” айта баштады. Айрыкча Апрель окуясынын катышуучуларына кайрылат элек, сиздер да айтыңыздар, мына, Болсунбек Рысбековго окшоп, тарых үчүн мойнуңарга алгыла. Бул окуя менен бизди алдап кетишти. Убактылуу өкмөттү: Атамбаев, Текебаев, Отунбаева, Бекназаров – булардын баарын жоопко тартыш керек. Эмне дегенде, булар “революяция кылдык” деп реакция кылышыптыр. Кайра регресске алып келишти. Революция деген билесиздер, бул жаңылануу, башка системаны алып келүү, түп-тамырынан бери эскини жоготуп, элдин жашоосун, экономиканы, маданиятты, социалдык жагдайды кайра куруу. Бирок, Убактылуу өкмөт 10 жылда өз милдеттерин аткарган жок. Демек, бул революция деп биз тааныбашыбыз керек. Революция дебешибиз керек – төңкөрүш эле дешибиз керек. Буга тарых, биз баа бере турган убакыт келди. Жаштар, жаңы муун, жаңы келе жаткан саясатчыларга кайрылат элем: буга биз тарыхтын так анализин беришибиз керек. Бул революция эмес, революция болсо бул тосмо бул жерде турбайт эле. Мобу кара тосмо мыйзамсыз турат. Бул тосмону орнотуу боюнча токтомду Акаев чыгарган. Бакиев токтом чыгарып муну алып салыш керек эле. Бул тосмо менен барып, Баткендеги чек араны тосуш керек эле”, – деди “Чоң казат” кыймылынын мүчөсү Асхат Осмонов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: