Menu

Студенттер кызматтык кылмыштарга кызыгышты

Бөлүшүү:

2017-жылдын 27-ноябрында жаштар арасында укуктук сабаттуулукту жогорулатуу максатында Талас облустук сотунун судьялары Мирлан Боромбаев жана  Курал Эстебесов Талас Мамлекеттик Университетинин «Кесиптик орто билим берүү» колледжинде укуктук жактан  түшүндүрүү ишин  жүргүзүштү. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Судьялар аталган окуу жайдын юридикалык бөлүмүнүн  студенттери менен жолугушуп, анда Кыргыз Республикасынын сотторунун структурасы, функциялары жана милдеттери туурасында кеңири маалымат беришти.  Мындан тышкары, Жарандык-процесстик жана Администрациялык-процесстик жаңы редакциядагы кодекстеринин  өзгөчөлүгүн, алардын эски кодексттер менен айрымаларын, башка процесстик укук ченемдери менен  өз ара аракеттенүү байланышы жөнүндө айтып беришти.

Фемида өкүлдөрү мамлекетте жүргүзүлүп жаткан сот реформасы жөнүндө студенттерге түшүндүрүп, сот системасында жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө карата өздөрүнүн көз караштарын билдиришти. Студенттер өз кезегинде талкуулоого активдүү катышып, аларды кызыктырган кызматтык кылмыштар, жазык процессиндеги  далилдер жөнүндө суроолорун беришти.

Жолугушуунун соңунда, колледждин окутуучулары сот тутумунда жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча студенттерге кеңири маалымат беришкен үчүн судьяларга ыраазычылык билдиришип, мындай жолугушууларды  көбүрөөк өткөрүп турууну суранышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: