Menu

Бийлик “Сентябрь ТВ” телеканалын жапты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Генпрокуратуранын “Сентябрь ТВ” телеканалын экстремисттик телеканал катары таануу боюнча доо арызын карап, бир сааттын ичинде телеканалды таптакыр жабуу боюнча сот өкүмүн чыгарып берди. Бул тууралу сотко катышкан телеканалдын журналисттери билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, өткөн 2016-жылы Апрель Баатыры, 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Убактылуу өкмөт тарабынан Ош облустук милициянын начальниги болуп дайындалган төңкөрүшчү полковник Абдылда Капаров Жалал-Абаддагы “Сентябрь” телеканалына түз эфирде интервью берип жатып: “Ага-ини бир тууган Сооронбай менен Асилбек Жээнбековдор 2010-жылы Бишкектен, Убактылуу өкмөт тарабынан Ош милициясына бөлүнгөн 3 миллион доллар акчаны милицияга бербей өздөрү иштетип жиберишкен, ошол акчалардын отчетун берсин!” деп билдирүү жасаган.

Бийлик муну менен бир кездеги өздөрүнүн төңкөрүшчү үзөңгүлөшү Абдылда Капаров бир тууган Сооронбай жана Асилбек Жээнбековдордун кадыр-баркына доо кетирген деп соттоп, аны 4 жылга эркинен ажыраткан. Ал азыр Нарында түрмөдө олтурат. Ал эми “Сентябрь” телеканалын экстремисттик телеканал деп таап, жабып салууну талап кылган. Бирок, ага чейин эле, былтыр 2016-жылы Жалал-Абаддагы “Сентябрь” телеканалы өлкө санариптик телекөрсөтүүгө өткөндөн кийин өзүнөн-өзү жабылып калган.

Анда бийлик анын ордуна былтыр Бишкекте жаңы ачылган “Сентябрь ТВ” санариптик телеканалын жабууну чечти. Кечээ, бир сааттын ичинде эч бир суроо-сопкутсуз , тергөөсүз, адвокатсыз эле жалгыз сот, прокурор жана УКМКнын кызматкеринин катышуусунда “Сентябрь ТВ” телеканалын экстремисттик телеканал деп таап, жаап салуу чечимин кабыл алды. Андан сырткары сот телеканалдын интернеттеги жана социалдык тармактардагы бардык баракчаларын да жабуу өкүмүн чыгарды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: