Бүгүн, 21-августта БШКнын кезектеги отурумунда КСДПдан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары расмий катталды.
Жыйын учурунда КР БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкер Сооронбай Жээнбековго бул тууралу атайын күбөлүк тапшырды.
Буга чейин С.Жээнбеков мыйзамдын талаптары боюнча кыргыз тилинен тест тапшырып, атайын шайлоо фондун ачып жана 30 миңден ашык аны колдогон кол топтогон болчу.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ