Menu

Алепподо оппозициялык күчтөрдүн чабуулунан 12 жай тургун каза тапты

Бөлүшүү:

Алепподо Башар Асад режиминин каршылаштарынын контрчабуулунун жыйынтыгында 12 жай тургун каза болуп, 200 адам жаракат алды. Бул тууралуу мамлекеттик SANA маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматтар боюнча ракеталар менен снаряддар бейшемби күнү көтөрүлүшчүлөр чабуулун баштаган Халеб аль-Жадидага тийген. Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүү тобу 11 адам, анын ичинде төрт кичинекей бала каза болуп, кеминде дагы 100 киши жаракат алганын кабарлоодо.

Cириялык көтөрүлүшчүлөр бейшембиде Алепподогу курчоону жарып өтүү аракеттерин баштаган. Алар Орусия тараптан жарыяланган ок атууну токтотуу режиминин башталарына бир нече саат калганда шаардын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөп турган бөлүктөрүн аткылашты.

“Эгер алар Халеб-аль-Жадиданы алышса, анда олуттуу артыкчылыктарга ээ болууга жетишишет”, – деп билдирди Сириядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүү тобунун өкүлү.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: