Menu

Исланбек Сарсейитов, ЖК депутаты: “Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого жумшалган насыя каражат жөнөкөй калктын эсебинен төлөнөт, аны өз багытында пайдалануу керек болчу!”

Бөлүшүү:

Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал кечээ парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында талкууга алынды. Анүчүн депутаттар атайын Бишкек ЖЭБине барышкан. Анын жүрүшүндө комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев “мурдатан жакшы кам көрүп, насосторду жылууласа же авариянын кесепеттерин жоюу жаатында башында эле азыркыдай иштиктүү чараларды көрсө болбойт беле?”- деп Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевге собол салды.

Айбек Калиевдин айтымында, ушу тапта Бишкек ЖЭБдин кошумча жаӊы бир блогу ишке киргизилип, суунун температурасы көтөрүлө баштады. Кечке чейин жылуулук өз ченемине жетүүгө тийиш. “Ордо калаадагы батирлердин жылышы үчүн жылуу суу бир нече жолу айланып чыгуусу керек”,- дейт ал. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча кылмыш иши козголуп, текшерүүлөр жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында өз милдетине кайдыгер караган күнөөлүү кызмат адамдары жоопкерчиликке тартыла турганын белгиледи.

Андан тышкары, ал Бишкек ЖЭБиндеги авариянын кесепеттерин жоюу, калкты жылуулук менен камсыз кылуу боюнча комиссия иштеп жатканын кошумчалады. Ал эми депутат Исланбек Сарсейитов Бишкек ЖЭБдин цехтеринин сынык терезелери аркылуу суук кирип, жабдууларга муз тоӊуп калганына, түтүн каптагандыктан, иштөөгө мүмкүн эмес экенине депутаттар күбө болушканын айтты. “ЖЭБди реконструкциялоого жумшалган насыя каражат жөнөкөй калктын эсебинен төлөнөт, ошондуктан ал каражатты өз багытында жана сарамжалдуу пайдалануу керек болчу”, – дейт ал.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдиргендей, депутаттар тобу Бишкек ЖЭБдеги авария маселесин, ошондой эле аны реконструкциялоого жумшалган 386 млн доллар көлөмүндөгү насыя каражаттын чыгымдалуусун текшерүү маселесин Жогорку Кеӊештин бүгүн, 31-январда өтө турган жыйынынын күн тартибине киргизүү демилгесин көтөрүүдө. Бул демилге Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө айтылган.

Бишкек ЖЭБдеги аварияны чоӊ кыйроо катары сыпаттаган депутат Исхак Масалиев анын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүп, курамына коомчулук өкүлдөрү менен чет өлкөлүк адистерди тартуу зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Алтынай Өмүрбекова Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого жумшалган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражаттын жумшалышына аудит жүргүзүү жана ага саясий баа берүү керектигин кошумчалады.

Булак: “Майдан.kg” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: