Menu

“Жогорку Кеңештеги ун өндүрүүчүлөр мафиясы” боюнча Ширин Айтматованы дебатка ким чакырды?

Бөлүшүү:

Экс-депутат, «Үмүт 2020» элдик кыймылынын негиздөөчүсү Ширин Айтматова 22-сентябрда “Жогорку Кеңештеги ун өндүрүүчүлөр мафиясы” аталыштагы видеоиликтөөсүн тараткан. Анда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, “Кыргызстан” фракциясынын көмүскө лидери Шаршенбек Абдыкеримов менен “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевди оор корруциялык кылмыштарга айыптаган.

Ширин Айтматованын айтымында, 2015-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоодо КСДП, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” партиялары биригип, 350 млн сом акча чыгымдашкан. Бирок, депутат болуп келишкенден 10 күн өтпөй, 14-октябрда бул үч фракциянын депутаттарынын демилгеси менен Кыргызстанга ташылып келинген буудай жана ундан мамлекеттик казынага төлөнчү кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам иштелип чыккан. Ал мыйзам парламенттен кабыл алынып, президент Атамбаев дароо кол коюп берген. Натыйжада казынага түшчү 650 млн сом ун өндүрүүчүлөрдүн мафиясынын жеке чөнтөктөрүндө калган. Кийинки жылы да ушундай эле афера кайталанган. Ал мыйзам 2017-жылы гана жокко чыгарылган. Ага чейин ун мафиясынын чөнтөгүнө иштеп келген. Ал эми Кыргызстандагы эң ири ун өндүрүүчүлөр булар – КСДП, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын ошол кездеги лидерлери Чыныбай Турсунбеков, Шаршенбек Абдыкеримов жана Бакыт Төрөбаевдер деп ишендирет Ширин Айтматова.

Бүгүн, 25-сентябрда ошол видео боюнча Кыргызстандагы Тегирменчилер коомунун жетекчиси Рустам Жунушов үн катып, Айтматованы дебатка чакырды. Ал видеодо айтылгандар чындыкка дал келбесин айтып, өз чындыгын дебатта далилдеп берерин айтты. “Ширин Айтматова элге туура эмес маалымат таратты. Мен туурасын элге айтайын деп аны дебатка чакырдым. Ал «ишкерлер кошумча нарк салыгын чөнтөгүнө салып алышкан» деп атат. Бул экономикалык жактан мүмкүн эмес, – деди ал.

Буга чейин аты аталган ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев: “Бирөөгө сын тагаардан мурда, алгач өзүнүн атасынын музейинин абалына көңүл буруп алсын!”, – деп жооп кайтарган. Ушул сөзү менен ал ого бетер элге жаман көрүнүп алды. “Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин сыймыгы. Кыргыз элин калем менен дүйнөгө тааныткан айтылуу Айматовдун музейдин абалын билсеңиз, сиз деле оңдоп берип коюңуз, байсыз”, – деген комментарийлер жазылган.

Ал эми мурдагы спикер, азыркы депутат Чыныбай Турсунбеков болсо аны каралоо катары кабыл алып, Кыргызстанга ташылып келген арпа менен буудайды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө мыйзам долбооруна “каршы” добуш бергенин гана айткан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: