Menu

“МегаКомдун” жаңы жетекчиси Акылбек Жамангуловдун материалдык байлыгы кандай?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-октябрда, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов “Альфа Телеком” ЖАКнун генералдык жетекчиси болуп дайындалды. Белгилей кетсек, бүгүн анын туулган күнү.

Биз анын өмүр баянын изилдеп көрдүк.

Акылбек Жекшенович Жамангулов 1988-жылы 24-октябрда Чүй облусунун Кемин районунда туулган. 2011-жылы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинин “Финансы жана кредит” бөлүмүн  аяктаган. 2014-жылы К.Дикамбаев атындагы КРнын ТИМне караштуу Дипломатиялык Академиясын аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын “Юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы

Жогорку Кеңештин сайтында жазылган расмий өмүр баяны боюнча иш жолун 2003-жылы ” Көк-Ойрок Балыкчы ликер-арак заводунда” адис болуп баштаган. Аталган ишкананы анын атасы Жекшен Жамангулов жетектеген.

Андан соң Жамангулов  “Альфа Ширсфилд ЖЧКда” ( аталган компания аудит жана бухгалтерия кызматтарын көрсөтөт) кардарларды тартуу боюнча адис болуп иштеген. 2005-2006-жылдары 15 жашында ал өзүнүн карьерасын кура баштаган.

Андан соң чоң компанияларда эмгектене баштаган, “Альфа Маркетинг ЖЧКда” (реклама компаниясы). Андан соң “Арвин ЖЧКда” (алкоголдук ичимдиктерди чыгаруучу жана сатуучу компания) сатуу боюнча менеджери болуп эмгектенген.

20 жашында “Тар Суу ЖЧКда (кыймылсыз мүлк менен операция жүргузүүчү агенттик) аткаруучу директор болуп иштеген. 2008-2011 жылдары “КыргызАгроОндуруу ААКнун” генералдык директорунун жардамчысы болгон.

Жогорку окуу жайды бүткөн соң дароо “Эл аралык “Манас” аэропортунун” башкаруучулар кеңешине келген, ал жерде аталган ишкананын башкаруу кеңешинин төрагасы Эрик Шайдиновдун жардамчысы болуп дайындалган.

Андан ары жаш депутат алтын иштетүүчү “Gold King Plus ЖЧКнын” жетекчиси болуп азыркы күнгө чейин иштеп келет.

Андан кийин өзүн цемент бизнесине арнаган, тагыраак айтканда Кемин цемент заводу, тагыраак ZETH Cement жана “Шанфэн зет Цемент ЖЧКын” иштеткен, аталган компанияларда акциялардын үлүшү Кытай тарапка таандык.

Кандай фирмалары бар?

Депутаттын бир нече фирмасы бар.

Ross Alco Trade ЖЧКсы Жамангуловдун жана Давид Абдыраевдин биргелешкен ишканасы. Компания дүң баада алкоголдук жана башка суусундуктарды иштетет.

Gold King Plus ЖЧКсы ишкананы Акылбек Жамангулов менен Елена Полева биргеликте негиздешкен. Ал жерде депутат генералдык жетекчи катары жазылган.

Атасы Жекшен Жамангуловдун бир нече игканалары бар, алар “Тар Суу ЖЧКсы”,  Сергей Ибрагимов, Жүрхан Нурматов, “Бакай Көл” КП негиздеген “Торговый Дом “Бакай Көл ЖЧКсы”, ошондой эле ар кандай соода азыктары менен соода агенттери аркылуу иштеген “Бакай АК”

Акылбек Жамангуловдун мүлкү

2015-жылы депутат болуп шайланганда ал 836 миң өлчөмүндөгү маянасы, 212 чаарчы метрлик батири, контейнери жана гаражы тууралуу айткан. Бир фирмада (өзүнө катталган) 60% акциясы бар пакети жөнүндө билдирген.

Туугандарынын активдери декларацияланган эмес. Кийинки жылы ал ошол эле маянасы, батири, контейнери жана гаражы тууралуу айткан, ал эми туугандарынын активдери ачыкталбайт.

Жамангулов Жогорку Кеңеште эмнеси менен айрымаланды?

Ал Бишкектин мэриясынан өрттөнүп кеткен Генералдык прокуратуранын имаратынын ордуна сквер салуу токтотулушун талап кылган.

Министрлер жана алардын орун басарлары чогулуш шылтоосу менен кафе ресторандарда чай ичип жүргөнүнө нааразычылыгын билдирген. Бир жолу ал өзү аларды чогулуш учурунда кармайын деп, колунан келбей калгандыгын айткан.

Жамангулов өлкөдөгү тойлорго беш жылдык мараторий киргизүүнү сунуштаган. Ал өлкөдө баары бир кайра той менен бүтчү тойлор өтө көп өткөрүлүп жатканын билдирген.

А мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүчү тойлордун тизмеси 150гө жеткен.

Ал жерде Нарындын 120 жылдыгы, Сузактын 100 жылдыгы, Базар Коргондун 120 жылдыгы, бар. Эгерде алардын ар бирине 2млн сомдон сарптасак, бюджет канча каражат жоготот? Келгиле, мароторий киргизели-деген депутат.

Жамангулов өлкөгө дүйнөлүк масштабдагы иш чаралар, мисалы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы сыяктуу  мааракелер керек экендигин билдирген.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: