Menu

Кылыч Султанов персона нон грата болдубу?

Бөлүшүү:

Кореядагы элчи Кылыч Султановго таң калып, баш чайкагандан башка айла жок. Бул коллегабыз дипломаттардын жүзүн ачам деп атып, өзү этикеттен сырткары кадамдарга барып алды. Ойлонуп көрсөңүздөр, Малайзиядагы элчиликте кылмыштуу, шектүү иштерин билип, ал жактан 2016-жылы август айында “мен Атамбаевдин Конституция долбооруна макул эмесмин” деп жарыялап кеткен. Эки жума өтпөй кайра пресса аркылуу кечирим сурап, кайра атайын тапшыруулар боюнча элчи деген кызматка конгон. Ал кызмат так ошол өзү субординация кылып, сөккөн министр Эрлан Абдылдаевдин жанында. Былтыркы президенттик шайлоо аяктаар замат Кореяга аттанган Султанов, эмне үчүн ошондо коррупция боюнча фактыларды жарыялабайт десеңер? Эмне себептен так ошол коррупционер деген дипломаттар менен иштешүүгө макул болот? Азыр эмне өзгөрдү? “Президент Жээнбеков кабыл албай атат” деп коркута береби? Кайсы өлкөнүн элчиси “биздин мамлекетте демократия жок” деп айтканга укуктуу? Текебаев эмне кечээ күнү камалдыбы? Аны камаган Атамбаев жакшы, Жээнбеков жаманбы? Айтор, суроолор көп. Кылычбек Султановго мамилебиз түз, дипломат болгондон кийин ойлонуп, мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө коюп, иш алпарса деген эле тилек.

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: