Menu

Казакстан Сирияда «өлүм жазасына тартылган» жарандары тууралуу маалыматты текшерүүдө

Бөлүшүү:

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сирияда казакстандык үч аял өлүм жазасына тартылгандыгы тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирди.

Өткөн жумада Казакстандагы «Актөбө таймс» сайты Сирияда үч казакстандык аял мекенине кайтууга акча табуу үчүн бир нече мекендешин өлтүргөнүн жазган. Сайттын маалыматы боюнча алар кийин «Ислам мамлекети» экстремисттик тобу тарабынан кармалып, өлүм жазасына тартылган.

«ТИМ бул маалыматты текшерип жатат, азырынча анын булагы аныктала элек. Бул белгилүү бир убакытты талап кылат. Сириянын аймагында мыйзамдуу жана мыйзамсыз жүргөн жарандарыбызга байланышкан бардык маселелер ал өлкөдөгү элчиликке тапшырылууда», — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров.

Казак бийлигинин маалыматы боюнча, акыркы бир нече жылдын ичинде өлкөдөн Сирия менен Иракка жүздөгөн казак жараны кеткен. Буга чейин бийлик аталган өлкөлөрдө жүргөн казакстандыктар тууралуу маалыматтарга ээ экендигин жана аларды мекенине кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: